Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогонун жана анда шайлоолордо добуштарды сатып алуу фактылары тууралуу маалымат бергендерге сый акы берүү зарылдыгын айткандыгын жарыялады.
"Президенттен таза шайлоо өткөрүүгө бүт мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну сурандым.
Биринчиден, добуштарды сатып алуу менен күрөшүүдө шайлоочуларга стимул берүү керек. Ушундай эле ыкманы Министрлер кабинети коррупция менен күрөшүүгө колдонуп жатат.
Экинчиден, баарына так белги бериш керек, эч ким партиясын алдыга жылдырыш үчүн президенттин жана мамлекеттик бийликтин атын колдонбошу зарыл", - деди Бекешев.
Ошондой эле, ал эгер парламенттик шайлоо таза өтө турган болсо, Садыр Жапаров тарыхта добуш сатып алуусуз жана административдик ресурссуз шайлоо өткөргөн биринчи президент катары калаарын белгилеген.
Депутаттын сунушу боюнча, добуш сатып алуу тууралуу айткан жаран 10 миң сом сыйакы алышы керек. Мындай сумманы партиялар добуш сатып алууга бербейт, ошондуктан шайлоочуга добуш сатууга караганда ал тууралуу маалымат берүү пайдалуурак болот.