Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 253

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов "Next" телеканалына берген маегинде жаңы шайлоо мыйзамынын жакшы жактарын санап берди. 

"Буга чейин парламенттик - президенттик башкаруу формасын башыбыздан өткөрдүк, анын да жакшы жактары болду. Бирок терс жактары көбүрөөк орун алды. Партияларга ыдырап, партиялар биригип коалиция түзүп, өкмөт башчыны дайындап, министрликтерди бөлүп алмай орун алды. Анткен менен экономикалык жактан жакшы жыйынтыктарга жетише албадык. Партиялар арасында атаандаштык күчөп, өкмөт башчыны отставкага кетирүү үчүн коалициялар тараган учурлар болду. Бул  өнүгүүнү басаңдатты.  Мына ушулар себеп болуп, азыркы жаңы шайлоо мыйзамын кабыл алуу зарылдыгы жаралды. Мында, эл конкреттүү талапкерге добуш  бере алат. Аны менен катар партиялык система да сакталды. 36 мандат бир мандаттуу болсо, 54ү партиялык тизме менен келгендерге. Партиялык системаны калтыруу менен аялдар, жаштар, азчылык улуттардын өкүлдөрүнө болгон квоталар сакталды. Бул мыйзам демократиялык көз караштагы элдин түз тандоо укугун кайтарды", - деди Мамытов.