Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 357

- Оппозиция бийлик алмаштырууга ашыгып жатыптыр деген кептер тарады. Чын эле оппозиция ошондой жолду тандадыбы?

- Биз оппозиция жөнүндө сөз кылганыбызда, оппозицияда кайсы бир коомдук же мамлекеттик маселени көтөрүп, эл ишенимин ала турган инсан же кайсы бир партия жок экенине ынанабыз. "Эл-журт кимге ишеним артат, кимден үмүт кылат, кимдерге таянат" - деген суроого жоопту шам чыракты күйгүзүп издесек да, ошондой таза инсанды таба албай жатабыз го? Эгерде эл ишенген инсан табылса, анда мамлекеттик төңкөрүш болуп, бийлик алмашат. Андайды  таппасак  бийлик кантип алмашат? Алмашкан күндө да, көчө бийлиги пайда болуп, коомдогу стабилдүүлүк бузулса, жоопкерчиликти ким мойнуна алат. Ойлонуп көрсөңүз, дүйнө таанып жаткан наристеден "сен келечекте ким болосуң" десе, “мен  президент болом" - деп жооп берип калды. Ушул сыяктуу эле көчөдө басып жүргөн 100 адамдан, "президент болосуңбу?" -деп сурасаң, анын жарымына жакыны "ооба боломун" деп жооп берет. Бул коомдогу конфронтацияга жана бийлик талашууга мотив берип отурбайбы. Ошондуктан, биздин айтаарыбыз ушундай, биздин өлкөдө канткенде, эмне кылганда коомдо стабилдүүлүктү жана бекем тынчтыкты камсыз кылабыз, канткенде "аткаминерлерди кызмат ордун бизнес кылуунун амалынан кутулта алабыз, биз канткенде аткаминерлердин жан үрөп иштөөсүнө жеткире алабыз" деген маселелердин үстүнөн ой жүгүртсөк жакшы болот эле.