- Туйгуналы Абдраимов уюштурууну максат кылып жаткан митингге алар күткөндөй 110 миң киши келеби?
- Туйгунаалы мырзаны оолуктурган Атамбаевдин акчасы болуп жатат окшойт. Негизи ооз көптүргөндү жакшы көргөн, ала көөдөн неме. Буларды ээрчиген адам талаада калат. Бүгүнкүсүн гана ойлогон немелер элди ойломок беле, ойлосо эмдигиче ойлойт эле го. Канча чоң кызматтарда отурушту. Мисалы, борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы болуп турганда журналисттер кымбат машина алды деп чыгышкан. Ошондо "Ушунча жылдан бери ушул машинага ылайык эмгек кылгандырмын" деп, уялбай жооп берген. Анан ошентип ойлонбой сүйлөгөнүнүн азабынан кызматтан кеткен бойдон унчукпай калды эле, эми дагы тумшугу ташка тийгени калса керек да. Эгер Туйгунаалы мырза жана анын айланасындагы кемчонтойлор өздөрүнүн акыбалы канча экенин билбесе эл жакшы билет. Чыгат десе эле чыга бермек беле.
- Назарбек Нышанов "мен президент болом" деп жатыптыр го?
- Чынында Нышанов жөнүндө жакшы билбейт экенмин. Ал андай таасирдүү деле фигура эмес. Кыялында президент болом деп эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып чыга калды окшойт. Ошон үчүнбү бул кишинин элдин ысык-суугуна күйүп, элдин жүгүн алам деген кайратын деле эч жерден көргөн эмесмин. Эл азыр бышып, ойгонуп, элдик адамдарды таанып калды. Алар деңиздин түбүндөгү берметтей тунуп жатат. Ал эми биздин көз алдыбыздагы чуркурап жаткандар алар элдин көз карашын бере алышпайт. Чындаппы же опуза катарыбы, акыры азыр айласын таппай, түн уйкусу качкандар жөн жатпай байлыгын, бийлигин сактап калуунун аракетин жасап чуркап жатышат. Буларга эл алданбашы керек. Азыр бардык уурулар, соргоктор мурдунан чыкканча жеп алып, эми эл алдында калп эле бечара болуп көрүнгүсү келип жатышат. А убагында булар кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек болуп элден качып тайраңдап жүрүшкөн.