- Чолпон эже, парламенттик шайлоо жакындап калды. Бу сапар мурдагы депутат болуп көнүп калгандар эле депутат болобу же аларды тандоо өзгөрөбү?

- Туура. Шайлоо жакындап калды. Мен мурдагы эле депутаттар кайра парламентке келишине каршымын. Бул сапар  идеясы көп, жакшы жашоого умтулган, жулунбаган, мамлекетти ойлогон, элге  жөлөк боло ала турган депутаттардын  келишин каалайм. Алдыда боло турган шайлоого катышам дегендер партиялардын тизмесинен  мурун 2-3 жолу депутат болуп, казынага пайда келтирбеген, элди ойлобогондордун аты атала баштады. Мен алардын кайра  келишине каршымын. Ошон үчүн мурункуларга ишенбей, жаңы, таза, элге жардамчы, жарчы талапкерлерди тандоону да башка партиялардан суранып кетем. Азыр мээлери өнүккөн, таза, чынчыл талапкерлер көп. 

- Эки-үч жолу депутат болгондордон эмнеге чочулап жатасыз?

- Алар мамлекетти  артка тартып, интрига менен гана алек болуп, тымызын бийликке бут тосушат. Президентти эле артка тартпастан, бүтүндөй мамлекетке кесепетин тийгизишет. Президентке болсо жакшы иштердин өтөөсүнө чыгара турган депутаттар керек.