- Эл бийликке каршы уюштурган митингге чыгып, азыркы бийликке тоскоолдук жаратышы мүмкүнбү?
- Бийликке каршы митингди атамбаевчилер уюштурууну көздөп жатканы оркоюп эле көрүнүп калды. Анткени, атамбаевдин бир кездеги санаалашы Туйгунаалы Абдраимов Атамбаев уурдап алган үч миллиард долларды чачып, тынч жаткан элди дүрбөтүп, козутуп, бузукулук жасап, Атамбаев буга чейин эле жасап жүргөн өнөрүн дагы көрсөткөнү жатат. Мен ойлойм, бул митингге акчага сатылган гана адамдар чыкпаса, акыл-эси ордунда адамдар чыкпайт. Ашып кетсе акчага сатылган 200-300 эле киши чыгышы мүмкүн. Тагыраагы, бул митинг майнап чыкчу митинг болбойт. Анткени, өлкө жетекчисин кызматтан кет дей турган олуттуу себептер жок. Садыр Жапаров Атамбаев 30 жылда кайтара албаган “Кумтөрдү” тогуз айда Кыргызстанга кайтарып берди. Андан тышкары жер басып, үй салып отурукташып калган 10 миң үй - бүлөнүн үйлөрүн документтештирди. Атамбаев чече албаган чек ара маселелерин чечип, талаш жараткан жерлерди такташып жатат. Кыскасы, Садыр Жапаров мамлекетти коргогон, дух берген жакшы иштерди колго алды.
Президент “сырттан душман басып кирсе, бутун сындырып, белин кайрып коёбуз”- деди. Демек, президент аскерлерди күчтөндүрүп, мамлекеттин коопсуздугун сактоого да катуу киришти.
- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сындагандар да мактагандар да көп. Ал экөө жакшы иштеп жатабы же калпыстыктарга жол берип жатабы?
- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев 30 жылдан бери камалбай элдин эсебинен байып жүргөн олигархтарды камап, жегич коррупционерлерди кустуруп жатышат. Келген бийликтин тилин таап алган Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровго окшогондордун көбүн камашты. Эл буга ыраазы. Ошон үчүн Туйгунаалы Абдраимов баштаган митингге чын дилден эч ким деле барбайт. Эл ишинен натыйжа чыгарып жаткан бийликти колдойт.