- Ташболот агай, эгемендик колго тийгенде президент болгон тунгуч президент кандай иштеди?

- Аскар Акаев 5-7 жыл колунан келишинче жакшы иштеди. Андан кийин үй бүлөсү,  жакындары башкарууга аралашып,  шайлоону өздөрү билгендей өткөрүп, мыйзамдарды каалагандай бурмалашты.  Элдин пикири менен эсептешпей калышты. Анан революция болуп. бийлик алмшты. Андан кийин бийликке келген Бакиев дагы 2-3 жыл жакшы эле иштеди. Анан Акаев кетирген катачылыктарды кетире баштады. Кыскасы, үч жолку төңкөрүш тең Кыргызстандын биринчи жетекчилеринин айынан болду. 

- Үч төңкөрүштүн мамлекет, эл үчүн  пайдасы көп болдубу же зыяныбы?

- Менин баамымда үч төңкөрүш тең Кыргызстанды жакшы жакка түрткөн жок. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында жапайы мамлекет катары таанылып калды. Уят болду, күлкү болду. Жок дегенде үч жолку төңкөрүштөн кийин биздин мамлекеттин биринчи жетекчилери "байлык алып келе албасам да, өнүктүрүп жибере албасам да, адилеттүүлүктү орното алам" деп ойлонушса болот эле. Анткени, президент  өзү адилеттүү болсо, айланасы адилеттүү болот. Айланасы адилеттүү болсо, соттор, региондор адилеттүү болот.  

Азыр 50-60 пайыз адам абдан жарды жашайт. 10-15 пайызы мамлекетти, элдин ырыскысын жеп байыган коррупционерлер. Орто, тың жашаган катмар абдан азайып кетти. Орто катмар коомдун 50-60 пайызын түзмөйүнчө бийликти кармап тура турган күч катары калыптана албайт. 

- Партиялык башкаруу адилеттүүлүктү орното албай койдубу?

- Партия деген бүгүнкү кызыкчылык менен эле уюша койгон топко айланды. Алардын доору бүтүп, биз кайра супер президенттик башкарууга келдик. Жок дегенде баары жеп, эч ким жоопкерчиликти албаган коомдон арылып, бир адам жооп берсин деп эл Садыр Жапаровду президент шайлап алды. Эми Садыр Жапаров өнүктүрүп жибербесе да, адилеттүүлүктү орнотсо жакшы болот эле. Анткени, ал азыр бардык бийликти колунда кармап турат. Андан башка кишиде бийлик жок. Ошон үчүн  1-2 жылда адилеттүү коомду түзбөсө 4-төңкөрүш да болушу мүмкүн.

- Адилеттүүлүктү орнотуш үчүн эмне кылыш керек?

- Адилеттүүлүктү орнотуш үчүн мыйзамдарды бардык жаранга бирдей колдонуш керек. Адилеттүү башкаруу болсо, коомдун психологиясы жакшы жакка өзгөрөт. Мамлекетте жылыш болот.