- Нурлан мырза, Текебаев "эки дос өлкөнү талашып башкарып жатат"- деген таризде  сүйлөптүр. Анын айтканында чындык барбы? 

- Өмүрбек Текебаевдин азыркы бийликке мындай доомат коюп сүйлөгөнгө чынында  моралдык укугу жок. Текебаев кыйын болсо, Атамбаев экөө мамлекетти кууратпай 10 жылда жыргатып коет эле го. Мамлекетти өнүктүрө албагандан кийин ар кайсыны айтпай эле койсо болмок. Ал өзү иштей албайт, бирок иштегендерди дагы көрө албайт.     

Негизи, Текебаевге көп жолу мүмкүнчүлүк берилди. Бир канча жолу депутат болду. Ал кааласа  губернатор, кааласа министр болуп алмак. Бирок, сындагандан башканы билбегени үчүн андай жооптуу кызматтарга бара  алган жок. Чынында, азыр Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да жакшы иштеп, иштеринен жакшы жыйынтык чыгарып жатат. Керек болсо  Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Текебаев он тогуз жылда  кылбаган ишти тогуз айда эле жасап, жыйынтыгын көрсөтүп коюшту.