- Каныбек агай, эгемендүү, көз карандысыз эркин мамлекет болгонубузга быйыл туптуура 30 жыл болду. Бул жылдар аралыгында  эмнеге жетишип,  эмнеден өксүдүк?

- Бул менин жүрөгүмдү өйүгөн өтө оор суроо. Анткени бүгүнкү Кыргызстандын абалын көрүп туруп, 30 жылдан бери канча жана кандай эшектерди такалап жүрдүк дегиң келет! Өткөндө Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев бизди, кыргыздарды эгемендүүлүк алгандан бери эмне көрүнүктүү жумуш аткара алышты деп койду эле, жагымпоз менен жасакер азаматтарыбыз ал кишини талап жатып калышты. Мен дагы алгачкы иретте ыза болдум, бирок кийин түшүнүп эрдимди кесе тиштеп өкүндүм. Анткени, тиги көсөм киши туура айткан экен! Кээ бир "публицист" болумуштар болсо так кесе эле айтып туруп алышты: "Биз сага окшоп автократтык режимге жол берген жокпуз. Керек болсо бардык президенттерибизди дыргаяктатып кубалап жүрөбүз. Бирөөсүн болсо түрмөгө тыгып койдук!" - деп!  

Эми сенин сурооңо кыска жооп берсем, биз эгемендиктүү  өлкө болдук. Ушунусуна дагы шүгүр! Насип болсун! СССРдин кыйрап кетишинен гана ушул статуска ээ болдук. Ал эми өз алдынча өлкө болууга кудуретибиз алигиче жетпей келет! Анткени, накта эгемендүү  болуу үчүн биз эң биринчи экономикалык жактан көз карандысыздыкка жетишибиз керек болчу. Анын кыпындай дагы белгиси жок. Ууру жана каракчы башчыларыбыздын азабынан биздин Кыргызстан СССРдин учурундагы бардык союздук республикалардан эң арткы орунга түшүп кеттик! Дүйнөлүк рейтингде биздин эч кандай ордубуз деле калбай калды го! Мунун баары эки гана нерсени колго ала албай калгандыгыбыздан болду.

Биринчиси, СССРден энчи болуп калган билим берүү системасын талкалап алдык. Келечектеги өлкөнүн ээси боло турган уул-кыздарыбыздын убалына калдык.

Экинчиси, улуттук идеологиябызды калыптандыргандын ордуна ойду-тоону сүйлөп, кайдагы бир болбогон жомокторго кыялданып кеттик. Манастын айкөлдүк жана жаратмандык осуяттарынан кайтып кеттик! Эми улуу Манастын каары бизди көпкө чейин жазалайт го! Кеч боло электе акылыбызга келип, дүйнөнүн артынан жүгүргөндү токтотуп, руханий наркыбызды көтөрө баштасак жакшы болмок. Бирок акыркы окуялар мени абдан катуу кабатырлантып жатат. Күздөгү парламенттик шайлоолордун аягы эмне менен бүтөөр экен? Эстеп алып жүрөгүм титиреп кетип жатат! Кыргызым аман калса экен!