Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 392

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан бери көп эле жерлерде сүйлөдү, бирок  жакынкы жана алыскы убактарда элдин турмушун жакшыртуу  жөнүндө 31-августта Ала-Тоо аянтында сүйлөгөндөй  ачык, так айта элек болчу. 30 жылдык, албетте, мурдагы стилге салып айтканда даталуу чоң майрам. Бирок, толук көз карандысыз мамлекет болгондугубузга 30 жыл толсо да, президент айткандай, 200 миң үй-бүлөнүн жакыр абалда жашап, өлкөнүн экономикалык жактан ишенимдүү өнүгүү жолуна түшпөй жаткандыгы өкүндүрөт. Отуз жылда 6 президент шайланса, анын бири түрмөдө, экөөсү сырт жактарда качып жүрүшөт. Бул мезгилде 30 премьер-министр алмашса, алардын кызматта жүрүп өлгөндөрүнөн башкасынын  бири да жакшылык менен кетишпеди. Аны алардын жарымынан ашыгына кылмыш иштеринин козголгондугу айтып турат. Үч жолу революция болду. Мына ушулар эле отуз жылдан бери өлкөбүздүн  саясый, экономикалык жана социалдык  жактардан перманенттик туруксуздук, кээде башаламандык абалдарда  келаткандыгын айтып турат.

Кыргыз эли - тарыхы 25 кылымдан ашкан дүйнөдөгү эң байыркы элдерден. Кыргыздар  бай тарыхында дайыма эркиндик, көз карандысыздык үчүн күрөшүп келген. Барсбек каган, Мухаммед кыргыз, Курманбек, Эр Табылды, Эр Солтоной мына ошондой жол башчылардан болгон. Убагында бабаларыбыз  Улуу каганатты да түзүшкөн, көбүнчө башка мамлекеттердин, бирикмелердин курамында жүргөн. Мына ошол мындан 10 кылымдан ашык мурда жоготкон мамлекеттигибиз 1991-жылдын 31-августунда кайра ордуна келип, эки тизгин, бир чылбыр өз колубузга тийди. Биз маараке күнүндө советтик мезгилге чейинки Ормон хан, Атаке баатыр, Жайыл баатыр, Атантай, Тайлак баатыр, Алымбек датка, Курманжан датка, андан кийинки социалисттик Кыргызстанды түптөшкөн Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу  чыгаандарды, Кыргыз ССРин көп жылдар бою ийгиликтүү жетектешкен Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев сыяктуу мамлекеттик ишмерлерди сыймыктануу менен атайбыз.

Өткөн жылы пандемиядан улам экономикабыз 8,6 пайызга артка кетсе, быйыл турукташуу жолуна түшүүдө.  Өткөн жылы бюджеттин таңсыктыгын жабууга сырттан 350 миллион доллар тартылса, быйыл ал өз күчүбүз менен жабылганы жатат. Тоо кен тармагындагы ишканаларды, фискалдык органдарды башкарууну жакшыртуу аркылуу өткөн 7 айдын ичинде бюджетке кошумча 12 миллиард сом түшүрүлдү. Мына ошонун эсебинен 1-октябрдан социалдык жөлөк пулдар 50 пайызга, 2022 жылдын 1-январынан 100 пайызга көбөйтүлөт. 1-октябрдан  пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланат. Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөлөк пулдары 2009-жылдан бери 4000 сом болуп келсе, ал  1-октябрдан 6000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан 8000 сомго  жеткирилет.

Кыргызстанда азыр чакан жана ири ГЭСтерди куруу активдүү жүргүзүлүүдө. Өнөр жайлык соода-логистикалык борборлор курулууда, “Манас”, “Тамчы”, “Баткен” аэропорттору кеңейтилүүдө. Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүүгө, инвесторлорду тартууга бардык шарттар түзүлүүдө. Мына ушуларга таянып, президент жакынкы 5 жылда Кыргызстандын ар бир жараны үчүн татыктуу жашоо шарт түзүлө тургандыгын айтты. Ылайым ал ишке ашсын.