Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл өттү. Бул күндү күткөндөрдүн арасында саясий боектуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана учурда темир тор артында отургандар да бар.  Алар, алардын жакындары, достору, санаалаштары эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын жана президенттин амнистиясын чыдамсыздык менен күтүштү деп ойлойм. 

Менин көз карашымда, 30 жыл анализдеп жана кайсы бир жыйынтыкты чыгарууга жетиштүү тарыхый убак. Келгиле, мамлекеттин өнүгүүсүнүн башкы аспектилеринин бирин анализдейли? Биз азыр 5 – президент башкарып жаткан өлкөдө жашайбыз. Башкача айтканда, бизде азыр Бешинчи республика, анткени ар бир президент өзүнүн өлкөсүн, Конституциясын жана философиясын орнотуп жатат. 
 
Башка президенттерден айырмаланып Садыр Жапаров бийликке элдин онлайн демократиясынын катуу көтөрүлүүсүнүн жыйынтыгында келди. Ошондуктан, ага жаңы реалдуулук онлайн системасында өтө чоң жоопкерчилик тагылды. 
Эл Садыр Жапаровдун чечкиндүү мүнөзүн кабыл алды. Ага далил – буга чейинки президенттер аткара албаган Кумтөр боюнча чечим кабыл алганы. 

Саясий күрөштүн өнүккөн демократиялык эрежеси спорттогу эрежеге окшош. Башкача айтканда, саясий атаандаштар жеке душманга айланышпайт жана аларга мамлекеттик жазалоо куралдары жеке өч алуу иретинде колдонулбайт. Күрөш саясий салттын алкагында жүрөт. Менин көз карашымда, бул салт биздин Бешинчи кыргыз республикабызда да бекемделиши керек. 

Элдин басымдуу бөлүгү учурдагы президенттин соттолгон жана тергөөдөгү бардык саясий атаандаштарына амнистия бергенин позитивдүү кабыл алышмак. Бул биздин Бешинчи республикабыздын саясий процесстерге жаңы философия кабы алганын билдирмек деп ойлойм. 

Албетте, Садыр Жапаров анын баарын сот чечет деши мүмкүн. Бирок ким буга ишенет? Баары Конституцияга ылайык, президентте толук кандуу бийлик бардыгын жана ал ыйгарым укуктарын пайдалана алаарын билишет. 

Президенттин айланасындагылар албетте, мыйзам ченемдүү суроо бере алышат: жаңы өлкөнү курууга тоскоолдук кылуучу атаандаштарды эркиндикке чыгаруунун бизге кереги барбы? Мындай учурда мен Гегелдин диалектикасына көңүл бурууга чакырат элем: биримдиктин жана карама каршылыктын күрөшүнүн мыйзамы. Алар адамзаттын жана коомдун өнүгүү күчү болуп саналат. 

 Кең пейилдүүлүк баарына эле берилген эмес. 

P.S. Мындай ойго жетелеген себептердин бири АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2018-жылдагы доклады болду, анда Кыргызстандын саясий туткундары деп Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков аталган. АКШнын Мамдепартаментин канчалык сындабайлы, алар баары бир коомдук пикирге байкалаарлык таасир көрсөтүшөт, айрыкча биздин демократия аралчабызга. 

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев