- Сонунбүбү эже, президент Садыр Жапаровдун июнь коогалаңын кайрадан иликтеп чыгуу тапшырмасы качан аткарылат? Текебаев жоопко тартылышы мүмкүнбү?
- Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы мыйзамдардын баарын жатка билет. Ошондуктан ар бир кадамын жууп-тазалап койсо керек. Бир жолу "июнь коогалаңында мен Баш мыйзам менен алек болуп отурганмын, ага тиешем жок" дегендей мааниде сүйлөгөнүн уккандай болгом. Баарын даярдап фронтко жөнөтүп жиберип, өзү бери жакта кала берген окшойт. Ал эми Кадыржан Батыров менен сүйлөшүүлөр Бакиев президент болуп турганда эле бышкан. Бакиевди кетирүүнүн сценарийи Ош коогалаңы менен аяктамак. Баары ойдогудай ишке ашкан. Ош коогалаңын азыр баштаганга эрте го. Алгач "Кумтөрдү" бүтүргөндөн кийин анан башталат деп ойлойм. Баарын бир баштаганга болбойт. Менин баамымда.
- Бийликтин Текебаевди жоопко тарткандын ордуна, Германияга элчи кылып жөнөтүп жатканы туурабы?
- Ал эми Текебаев азырынча кандай кызматка баргысы келсе келе берет. Мыйзамдын укуругу узун. Ага качан, кайда болсо да жооп бере турган учур келет. Кезеги келгенде.