Садыр Жапаровдун июнь коогалаңын кайрадан иликтеп чыгуу тапшырмасы качан аткарылат? Бул суроого жооп берип жатып Хашим Зайналиев Ош трагедиясынын жаралышына Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү айыптуу экенин белгиледи.
"Иштеп жаткан бийликке, сиз берген суроону берүүгө миллиондогон киши кызыктар болуп, жооп алгысы бардыр. 2010-жылдын июнь айындагы кан төгүүлөрдүн келип чыгуусуна Ө.Текебаев гана эмес, ошол учурдагы Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү түздөн-түз тиешелүү. Өз оокатын өткөрүп, тынч жашап жаткан өзбек элин Бакиевге каршы козутамын деп отурушуп, аларды саясатка аралаштырып алышты. Анысы аз келгенсип, аларга автономиялык эркиндик беребиз деп отурушуп, Кыргызстандын территориялык бүтүндүгүн бузушту. Натыйжада, 1000 деген адамдар өлүп, Ош шаары 2 күн күйдү. Жаңжалдан өлгөн адамдарга ким жооп берет, экономикалык зыяндарга жана башка чыгымдарга ким жооп берет деген суроо туулат. Өзбекстандын президенти, маркум Ислам Каримов Ош окуясы качан изилденип, аны уюштургандар жана түздөн түз тиешеси барлар качан жоопко тартылат деп жүрүп өлүп кетти. Андан башка да Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн 2010-жылдын апрель революциясы учурундагы өлгөн адамдардын канчасы Убактылуу Өкмөткө, канчасы К.Бакиевге тиешеси бардыгын аныктап, тактап, элге акыйкаттык айтылуусу зарыл, банктан уурдалган акчалар жана башка марадерство боюнча - чындыкты эл билүүгө кызыктар экенин, азыркы бийлик билүүсү шарт", - деди ал.