Кыргызстандын азыркы "ит минип калган" абалга келишине Өмүрбек Текебаевдин түздөн түз тиешеси бар. Мындай пикирин эксперт Эрнест Карыбеков "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди.
"Бул жарыктык кишини түрмө дагы оңдобоптур. Жашына карап жакшы карыгандын ордуна, баягы эле конфликттүү саясатчы болуп аты калат окшойт. Же мамлекетке, өлкөгө, жалпы элге пайдасы тийсечи. Кыргызстандын азыркы "ит минип калган" абалга кептелишине Өмүрбек Текебаевдин түздөн түз тиешеси бар", - деди эксперт.
Ошондой эле, анын пикиринде, 2010-жылы кабыл алынган Конституция Кыргыз мамлекеттүүлүгүн талкалаганга курал болуп берди. Ал эми анын башында Өмүрбек Текебаев жана анын ошол убактагы досу Алмазбек Атамбаев турат.
"Атамбаев досу экөө ушул куралды пайдаланып, партиялык шайлоо менен жоопкерчиликсиз, сабатсыз өкмөттөрдү иштетип, экөө каалангандай өкмөт башчыларын алмаштырышкан. Анысы менен Атамбаевдин бийлигин узурпациялоого көмөк көрсөткөнүн Текебаев бат эле эстен чыгарып койгон окшойт. 2010-жылкы июнь коогалаңына жооп бергенди дагы эстен чыгарыптыр. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге азыркы оор акыбалда бир эле нерсе керек - колдоо. Кыргызстанда бир-эки конфликттүү саясатчылар бар, кыйынчылыкта позитивдүү болуп жалпы элдин камын көргөндүн ордуна, жеке өзүнүн, партиясынын кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп, өлкөдө конфликт, интрига түзүп, соодалашканга барышат. Буга жол бербеш керек", - деди Эрнест Карыбеков.
.