Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 150

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 50 пайыздан ашык аймагы макулдашылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-августта, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Айтымында, сүйлөшүүлөр бири бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде улантылышы керек. 

"Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлдү. Анын негизинде, мамлекеттик чек аранын 50 пайыздан ашуун аймагы макулдашылды. Бул ишти аягына жеткирип, Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алышы керек. Ошондой эле, эки тарап бири бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинен чыкпай, сүйлөшүүлөрдү улантышы зарыл", - деди Садыр Жапаров.