Ош согушунун себепчилери да, себептери да толтура. Анын бири - Текебаев. Мындай пикирин акын Калдарбек Койлубайтегин "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

Айтымында, эгерде тергөө адилет жүргүүзүлсө Текебаев да жооп берип калышы ыктымал.  

"Эгерде саясий эрк болуп, Ош трагедиясы тереңирээк, ар тараптуу иликтенсе биз али билбеген көп тири суук фактыларга туш болобуз. Мисалы, "Ош аймагын жардырсаңар 400 миллион бакс беребиз" деген маалымат бар. Аны ким кимге сунуш кылган, 11-июндан  12 - июнгакараган түнү, тагыраагы 12-июнда таңкы саат 5те өзбек  5 миңдей согушкерлери  Ошко кол салат деген маалыматты ким ойлоп тапкан? Мындай имиштер толтура. Балким ошон үчүн кылмыш ишин тыкыр, шашылбай  карап жатышкандай. Албетте, эгерде тергөө адилет жүргүүзүлсө Текебаев да жооп берип калышы ыктымал. Азырынча коррупционерлердин иши, "Кумтөр" маселеси алдыңкы планда тургандыктан бул окуяны терең казуунун убак-сааты келе элек", - деди Койлубайтегин.

Ал эми Өмүрбек Текебаевдин жакында айткан "Кыргызстанда эки дос талашып башкарып жатат" деген билдирүүсүн акын "бийлик дартына чалдыгуу" катары баалады. 

"Текебаев Германияга элчиликти өрдөк катары учуруп ийгендигин тастыктап салды, сыягы. Эми фейктер толуп кетпедиби... Текебаевди Гондурастын президенти болот деп жазып койсо деле болот да. 17исинде митинг баштайбыз, кийин тигинтебиз деген ормон опузалар да жөн эмес. Бийлик дартына чалдыккандардын уйкусу качкан... Анын үстүнө төңкөрүштүн үч жолу болушу, үчүнчүсүнүн тез жана жеңилирээк болушу да жандарын жайына койбой жатат. Төртүнчү жолу болуп, бийликке биз келип калсак асман - жерге түшүп кетмек беле дешип, "1001 түн жомогун” айткан Шахрезаданы эбак жолго калтырышты "текебайчылар", "ашачылар" жана башкачылар. Бийликти ысыгына бизге бергиле дешпесе, жоопко тартылып кетүүсү бар экендигин да сезип турушат. Ошон үчүн тобокелге барышып, бир дүрт этип өрттөнүп алышы мүмкүн. Ошондо гана канаттары сынып, тынчып калышат", - деди ал.