Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу мекендештер!

Быйыл биз, кыргыз эли Көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилегени турабыз. Мындан өткөн бакыт жок. Анткени, саны бизден алда канча көп канчалаган эл бар, өз алдынча мамлекети, туусу жок жашап келе жатышат. Биз, ошондуктан, ата-бабаларыбыз нечен тайгак кечүү, тар жолдорду басып жүрүп, белек катары таштап кеткен Мекенибизди көздүн карегиндей сактап, урпактарга өткөзүп беришибиз керек. Башка милдет болушу мүмкүн эмес!

Бул багытта бүгүнкү бийлик дагы бир топ аракеттерди жасап жаткандыгы белгилүү. Биринчи жолу “Кумтөр” алтын кенин элге кайтаруу жаатында реалдуу аракеттер башталды, өлкөнү отуз жылдан бери талап-тоноп келе жаткан коррупционерлерге каршы аеосуз күрөш жүрүп жатат. Чыныгы көз карандысыздыкка карай башталып жаткан бул демилгелерди колдоого алуу керек.

Бирок, ошол эле учурда, Көз карандысыздыктын 30 жылдыгын утурлай дагы бир өтө маанилүү маселе боюнча кайрылууну туура көрдүм. Эгемен тарыхты карай турган болсок, бир дагы президент бизден чоң держалаварга карап кылчыктабай, өз алдынча саясат жүргүзө алган эмес. Өнүгүү жолуна түшө албай, ордубуздан жылбай келе жатканыбыздын дагы бирден-бир себеби дал ушунда – биз “агалардын” айтканынан чыга албай келебиз. А булардын максаты капкачантан бери жалпыга маалым, алар бизди артта калган мамлекет бойдон калып, дайыма жалдырап, тилемчиге окшоп жардам сурап турушубузду каалашат. 

Бүгүнкү күндө ошол күнкарама саясаттан кутулууга, Кыргызстанды чындап көз карандысыздыкка жеткизүүгө болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Ондогон жылдардан бери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу эң жогорку деңгээлде талкууга алынып келе жатат. Бул темир жолунун курулушу Кыргызстанга өтө пайдалуу экендигине карабастан, бир да бийликте аны ишке ашырууга эрк жеткен эмес. Эмне себептен экендигин Сиз өзүңүз дагы жакшы билесиз. 

Эгерде бул темир жолдун курулушу ишке аша турган болсо – анда Кыргызстан экономикалык жактан да, саясий жактан дагы чоң утуш алат, чөлгө суу алып келген менен барабар болот, кайыр сурап бирөөнүн көзүн караган күндөр артта калат! Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу биз үчүн “Кылымдын долбоору” экендигин эске алыңыз!

Мына, жакында Кытай Эл Республикасына визит менен барышыңыз күтүлүп жатат! Эгерде, Сиз, урматтуу президент, сапар алкагында бул маселени кыргыз элинин пайдасына чече турган болсоңуз, тарыхый кадам жасаган болосуз!

Атыңыз түбөлүк жакшы жагынан аталып, кыргызга чыныгы көз карандысыздыкты алып келген ажо катары каласыз. 
А эгерде, коомчулук тарабынан Сизге тоскоолдуктар жарала турган болсо, биз, Кыргызстандын чыныгы патриот уул-кыздары Сизди коргоого алып, колдоого даярбыз! 

Ошол эле учурда, эгерде Сиз бул ишти аткара албай турган болсоңуз, мурдагы, колунан эч нерсе келбеген ажолордун катарын толуктайсыз. Келип кеткен президент катары гана эл эсинде каласыз...

Урматтуу мекендештер!

Учурдан пайдаланып, бардыгыңыздарды Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык тарыхый датасы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жергебизде тынчтык болсун! Үй-бүлөңүздөргө бактылуу турмуш, бекем ден-соолук каалайм!

 

Терең урматым менен,
Улукбек Маматаев, “Ак калпак” саясий партиясынын төрагасы