"Ашып барса эки ойду ойлонуп, ойдолоктоп уктайсың. Президент деген атак-даңкы эле болбосо, падыша 6.5 миллион ой менен ойдолоктойт. Сен эмнени жесең, президент деле ошону жейт. Болгон айырмасы продуктыны суппер маркеттен, же Ош базардан сатып албайт. Ажо Садыр Жапаров бир жылда бир топ жышылды. Жан дүйнөсү жанчылды, жашыды. Жүзүнө падышалык сүр киргени болбосо, сүйүнүчүн жоготту...

Кыргызстанда башчы болгондун ордуна, Алай же Атбашы тоолорунда топоз багып жашаган миллион эсе артык. Падышага жаман сөз айтпай, Өзбекстандай сыйлаганды үйрөнөлү", - деп жазды Фейсбуктун Эрнис Нурдин аттуу колдонуучусу.