Текебаев өңдүү саясатчыларды элчилик тургай, бир айыл өкмөттүн башчылыгына коюуга болбойт. Мындай пикирин саясат талдоочу Актан Ажымамбетов билдирди.
- Буларды элчилик тургай, айыл өкмөтүнүн башчысы кылып койгонго болбойт! Себеби, ага моралдык укугу жок! Колунда бийлик турду, легендарлуу парламент чыгарган мыйзамдарды жокко чыгарышып, өздөрүнө ылайыктап, үй-бүлөлүк башкарууну, бизнес - парламенттик башкарууну киргизип алышпадыбы! Парламентке баруу үчүн орун сатып алмай ооруну ушулар башташты. Анын айынан парламентке жалаң акчалуу бизнесмендер барышты. А бизнесмендер эмне кылышат? Өздөрүнүн бизнесин коргош жана көбөйтүш үчүн гана аракеттенишет! Ушул кантип жакшылык болсун: 30 жылда 30дан ашуун премьер-министр алмашты, ушулардын туура эмес саясатынан, туура эмес системасынын айынан!
Мен ушунча жылдан бери кызматка эмнеге барбадым? Анткени, бир жолу кызматка барып көрдүм, акча берсең көтөрүлөт экенсиң, бербесең көтөрүлбөйт экенсиң. Эмнеге мен акча берип, булганышым керек?! Ошондуктан, кызмат дегенди жыйыштырдым.
Азыр мына, президент коррупцияны токтотуу үчүн киришип, коррупциялык көрүнүштөрдү жеке көзөмөлүнө алып жатат. Себеби, коррупцияны көзөмөлдөөчү органдар өздөрү аралашып, коррупционерлерге "крыша" болуп алышкан. Ачыгын айтканда, карапайым элдин, мигранттардын эсебинен гана мамлекет кармалып калды. Болбосо 30 жылда улут катары жок болуп да кетмекпиз бузуку саясатчылардын бузуку саясатынан. Азыр элдин мыйзамдар чыга баштады, а мурда кандай эле? Бир баатыр, миң башчы болчу. Баатырдыгын көрсөткөн канча деген чыгаан уулдарыбызды өлтүрүп тынышпадыбы! А азыр баатыры миң, башчысы бир болгон убакка келдик. Миңдеген баатырлар бузуку системаны жок кылып, бир башчыны шайлап коюшту. Эми баатырлар бир башчыны колдоп, элибизди саздан чыгарып кетишибиз керек.
Ал эми элчилик боюнча, ал кызматка барышабы, барышпайбы - булар сырттан акча алып тураары белгилүү да. Ток этээрин айтып коеюн, НПОчылар аял менен аялдын, эркек менен эркектин үйлөнүүсүнө макул болуучу, таламын талашчу тарап да. Аял менен аял, эркек менен эркек үйлөнсө адамзатынын тукуму жок болот. Булардын түпкү максаты кыргызды жоголуп кеткен улуттардын катарына кошуу экени жалпы элге маалым болуп турбайбы. Дагы айкөлдүк кылып буларга сүйлөө мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз. Болду, буларды саясаттан жоготуу керек!