Саясатта кадыры кайтыш болгон Текебаев акыркы 30 жылда эмне кылды? Алгач саясатка жөнөкөй мугалим маскасын кийип аралашып, кооз сүйлөп, корозчо басып, карапайым калкка жагынуу аракетин көрдү. Бирок көп өтпөй бул эрендин кылыгы чыга баштады. Батыштын жашылбайлары жөнөкөй мугалимге жан киргизип, тилин буудай кууруп баштады. Эки сөзүнүн бири демократия болуп, жашылбайларды жакшы эле актады. Акаевге оппозиция болду, Бакиевге оппозиция болду, Атамбаевге оппозиция болду. Жыйынтыгы эмне болду? Жеке керт башынын кызыкчылыгынан көтөрүлө албай койду. 2010-жылы мародерчулук кылып мародер атка конду. Сатып алган кызы менен порно видео тартып, "извращенец" атка конду.
Июнь окуясында кыргыз жарандарын кырып жиберген өзбек сепаратистин эч кандай тоскоолдуксуз өлкөнү тыштап кетишине ошол кездеги убактылуу өкмөттүн мүчөсү Текебаевдин салымы зор. Кыскасы кыргыз саясатында кооз сүйлөп, ошол эле маалда интрига менен алек Текебаевден эмне күтүүгө болот? Кыргызга кылдай жардамы жок, 30 жылда элине эмгек кылбаган, эми эмгек кылмак беле? Анан ушундай адамды эркелетип элчиликке жөнөтүп жаткан Жапаровдун эси ордундабы? Эркелетпей июнь окуясы боюнча убактылуу өкмөткө, анын ичинде Текебаевге иш козгосо, бейкүнөө каза болгон адамдардын жакындары ыраазы болмок. Кадыры кайтыш болгон саясатчыны эркелетип, эдиреңдетип эл ишенимине кетесиз Садыр мырза. Сиздин сөзүңүз закон, демек аткарылышы керек. Өзүнүн камакка алынбашын сезген Текебаев саясий ботко чалып баштады. Июнь окуясы боюнча ишти жандандырып, Текебаевдин тизгинин тартпасаңыз эртең сизге да оппозиция болот, Садыр Нуркожоевич!