Өмүрбек Текебаев саясий банкротко эчак учураганын моюнуна алгысы келбей. бийлик бутактарынын ынтымагын бузууга жандалбастап жатат. Мындай пикирин Хашим Зайналиев "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

 - Саясатты түшүнгөн, прогресске умтулган, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган инсандар үчүн Өмүрбек Текебаев - саясий банкротко учураган саясатчы. Ал киши иштеп чыккан, ишке ашырган 2010 - жылдагы Конститутциясы өлкөнү өсүп-өнүгүүнүн жолуна салбады, тескерисинче, коррупция мамлекеттин бардык структураларын баш ийдирүүгө жеткирди. Аткаруу бийлигин "паралич" же "шал" кылып, мамлекет экономикалык активдүүлүгүн жоготушуна алып келди. Анын кесепетинен өндүрүш жанданбастан, жакырчылык жылдан жылга көбөйүп отурат. Парламенттин басымдуу бөлүгүн көп жылдар бою мамлекетти жеп-жуткандар ээледи. Андыктан, эл-журт парламентаризмдин  жакшы жагын көрө албады. Бул жаатта Кыргызстан дүйнө жүзүнө демократиянын башкаруу формаларын эксперимент жүргүзө турган "лаборатория" болуп калды десек жаңылышпайбыз.

Сөздү жыйынтыктап айтканда, Өмүрбек Текебаев өзүнүн саясий салмагын кайтарып алуу үчүн далбастап жатат. Ошондуктан, ал киши азыркы бийлик менен эч качан кызматташууга барбайт. Анын ордуна ар түрдүү интригаларды уюштуруп, бийлик бутактарынын ынтымагын бузуп, бийликке болгон элдин ишенимин төмөндөтүп, Садыр Жапаровду бийликтен алып түшүүнүн айла-амалын издөөдөн баш тартпайт. Ал эми анын "эки дос өлкөнү талашып башкарып жатат" деген пикири чындыкка ылайык келбейт. Анын себеби жаңы Конститутция боюнча мамлекеттик бардык маселелерди Президент гана чечет. Ал эми Камчыбек Ташиевдин кызмат абалы  бир ведомостволук структура деңгээлде турат. Бирок саясий салмагы жана кадыр-баркы аркылуу мамлекеттик актуалдуу маселелерди чечүүдө - президентке таасири бар. Аны баары билет.