Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 919

- Текебаев "эки дос өлкөнү талашып башкарып жатат"- деген таризде жаштарга акыл үйрөтүп жатып сүйлөптүр. Анын айтканында чындык барбы? Текебаев элчилик кызматты бербей койгон үчүн бийликке таарынып, чабуулга өттүбү?

- Бүгүн Кыргызстанда чоң аталык милдетти деле көптөрү мойнуна алышып, касам ичишкендей. Кимиси болбосун акылын, болгондо да Конфуцийден кем калбаган акылын шаркыратышат. Биринен бири өтөт. Балким бул жугуштуу оорудур таажы илдеттей. Бирок бул факт. Текебаевдин акылын мукурагандагы кыйкырык, тагыраагы айкырык деп койсок туура болот. Кызматы курусун... ал мурун деле кайсыл бир кызматты аркалап деле көрбөгөн, кайсыл бир жылы губернатордун орун басары болгонун эсепке албасак. Ошон үчүн ал кызмат үчүн эмес, парламенттен жылмышып түшүп калганына күйдүм чок. Чынында кудум ошол жер анын  базар экономикасы, дүйнөсү, сүйүүсү, күйүүсү. Шайлоонун жыты уруп калбадыбы... кала берсе “Ата-Мекен” сөзсүз катышат деген кабарды да жар кылып ийди. Эч кандай илинчектин жоктугун сопсонун билет, бирок “чем черт не шутит”. Балким дагы бир шайтанаттын күчү менен  төңкөрүш болуп кетеби дегенге ишенип туруп, ишенбей келет. Эгерде саясат дүйнөсүн баш баксак....а р бир доордун гана эмес айрым бир кыска мезгилдин "чыгаанчиктери", "ооматчиктери" болот. Ошол кезде чүкөлөрү айкүрүнөн туруп, пайгамбарга тең болуп калышкандай чаңды сапырышат. Бирок ооматтары кеткен соң, жалбырактары сапырылып, дүбүрттөрү угулбай, сумбула жылдыздай өчөт да калат. Ордуна башка "чыгаанчиктер", "ооматчиктер" келишет. Кыргыз саясатында мына ушуга маани беришпей, "крит карталарга" жүгүнүшүп, пайгамбар кылып жатышпайбы. Коом али даяр эмес болгон күндө да, бул эрежени апенди деле сопсонун билет эмеспи... Ооматың кеткени кайдагы доомат...