Легендарлуу парламенттин депутаты, алтын комиссиянын түзүүчүсү Рамазан Дырылдаев кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, 30 жылдагы Кыргызстан тууралуу оюн бөлүштү.
- "Бул жылы өзгөчө жыл болушу керек эле. Майрамдык маанай жок, Кыргызстанды сызга отургузган Акаев үчүн майрам болуп калды", - деп бир топтору мага жазып жатышат. Акаев "Кумтөрдү" бербегенде кыргыз эли байлыгы ташкындап жаткан Араб өлкөлөрүнүн катарына кошулуп калмак. Кыргыздар көр оокаттын айынан дүйнөнү кыдырып, нан таап балдарын багыш үчүн түрдүү жумуштарды жасашмак эмес. Россиянын шаарларында эч ким кордоп, өлтүрмөк эмес. Зээнди кейитип, кыздарыбыз сойку болбойт эле.
Кыскасы, кыргызды бир орусту калькулятор менен урду деп эч коркутмак эмес, Лаврову, Москалкову, Жириновский баш болуп.
Ошондой болсо да кыргыз эң бактылуу улут. Себеби эгемендүү өлкөнүн ээси. Дүйнөдө 20-30 миллион калкы бар күрддөр, уйгурлар эзилип кор болуп жүрүшөт.
Кытайда маселен, ондогон жылдар бою 30-40 миллион уйгурду кандай гана жол менен жок кылуунун аракети жасалып келатат. Ассимиляция кылыш үчүн түрмөлөргө камап жатат. Эми жок жерден мусулмандарды террорист, экстремист деген шылтоо менен камап, жок кылуунун аракетин көрүп жатышат.
Алар бизди карап суктанышат, кандай бактылуусуңар, эгемендүүсүңөр деп. Биз ошол эгемендиктин баркын, баасын билип, өлкөбүздү сүйүп, патриот болушубуз керек. Болгону 3 миллион кыргыз бар. Ошого карабай өлкөбүз бар. Кыргыздын жаштары азыр дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларынан билим алып, дүйнөгө атагы чыккан жерлерди иштеп жатышат. Мисалы, Гуугл, Фейсбук жана башка жерлерде иштеп, бир тобу жаштарга IT окууларын окутуп жардам берип жатышат. Пандемия башталгандан бери канча жаштарыбыз ыктыярчы болуп чуркап элибизди сактап калышты. Эгерде Акаев "Кумтөрдү" бербегенде мындан да көп эсе жетишкендик болмок. Путин Байденге "Орто Азияга кирбегин", - деп айта алмак эмес. Ким менен каяк менен болушту эл өзү чечмек. Кандай кыйынчылыктар болбосун, 30 жылды карыттык. Буюрса, дагы өнүгүп - өсөбүз.
Кыргыз элимди 30 жылдык эгемен майрамы менен куттуктайм,