Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 644

Өмүрбек Текебаев -  куруучу, түзүүчү эмес, бул чакан калибрдеги талкалоочу гана  адам. Анын саясатка аралашкандыгына     отуз жылдан ашты. Бирок, бир да жолу анын экономика, социалдык маселелер жөнүндө аргументтүү сөз сүйлөгөндүгүн уга, көрө элекпиз. Оозун ачса эле башка саясатчылардын же жетекчилердин бирине асылат, кетирүү керек деп чыгат. Ал алгач Акаевдин тапшырмаларын аткарса, кийин Алмаз Атамбаевдин өкмөттөрдү  кетиргич “киллери” болуп жүрдү. Текебаев АШАнын буйрутмасы менен 3 өкмөттү, көптөгөн министрлерди  кетирди. Ал иштери үчүн АШАдан накталай канча акча алганын билбейбиз,  андай буйрутмалар акысыз аткарылбасы айныксыз чындык. Бирок, жакындарына, көңүлдөштөрүнө баш прокурорлук баш болгон бир катар чоң кызматтарды  содалашып алып жүргөндүгү эч кимге жашыруун эмес. Эми эски “талкалагыч”,  конкреттүү бир да фактыны келтирбестен  илимий, социалдык  иликтөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча эки достун же Садыр  Жапаров менен  Камчыбек Ташиевдин “талашып  эл башкаргандыгына” эл нааразы болуп жатат” деп чыкты.  Саясатчылар го ойлоруна  келгенди айта берет дейли, бирок  илим, социология жөнүндө сөз кылган адам сөзсүз абройлуу бир уюмдун материалдарына  таянып сүйлөшү керек эле. Дарексиз, ынанымдуу аргументсиз сүйлөгөн жерде илим да, социология да болбойт.

Текебаев кесиби боюнча физика мугалими. Сыягы, ал социология деген эмне экендигин түшүнбөйт деле окшойт. Түшүнсө жок дегенде өзүнө жакын НПОлордун биринин жалган маалыматын  болсо да келтирмек. Чеховдун “Кыштактагы чоң атама” дегениндей кылып эле  ышкырта берген болбойт. “Кыштактагы чоң атанын”  дареги, аты-жөнү ким?  Чеховдун аңгемесиндеги ал катты жазган наристе бала ал тууралуу ойлонбогондугун жакшы билебиз. Бирок, Өмүрбек Чиркешович жаш  эмес, ал аңгемеде айтылган баладай  беш-алты небереси болуш керек. “Жаман көргөндүн бөркү казанбактай” дедиртпей, аргумент менен сүйлөсө дейбиз.

Айтымда, ал Кыргызстандын Германиядагы  элчилигин сураса бербей коюшкандан улам  ич күптүсүн ушинтип чыгарып жатат дешүүдө. Чындыгында элчилик иштерге жыдыган саясатчылар (анткидей ал иш таштанды чыгаруучу жай эмес) эмес, эл аралык маселелерди, негизги  тилдерди, инвестицияларды тартканды, сыртта өлкөбүздүн оң имиджин түзүүнү билген адистер баруусу зарыл. Андан көрө ал улгайганда болсо да өз кичи мекениме  пайдамды тийгизейин, ошерде кетмен чаап, пахта терип жүрүп  чоңойдум эле деп Базар-Коргондун акимдигин сураса туура болмок. 

“Күлүк-күнүндө, тулпар-тушунда” дегендей,  Текебаевдин саясаттагы күлгүн кези, ар кимдерди омуроолоп опузалап, каалаганын өндүрүп жүргөн мезгили  эбак өтүп, күүгүмү түшкөн адам. Алтымыш асый атты чаап эч ким байге алган     эмес.  Азыркылардын андай дүжүр талкалагычтарга муктаждыктары деле жок. Өмүрбек Чиркешович, күндө эртең менен сакалын алганда да болсо ушуну эске алып, барына, жогуна каниет, шүгүр кылып жүрсө. Анын опузаларынан эч ким корпойт,  кандай шайлоого катышпасын, мындан ары “Ата Мекени” менен парламентке деле келе албайт. Жел тегирменди опузалаган апендидей жөн эле оолуга бергендин кандай зарылчылыгы бар?