- Сонунбүбү эже, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек  Текебаев партия өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда "эки дос өлкөнү талашып башкарып жатат"- деген пикир айтыптыр. Ага элчилик кызматты бербей койгону үчүн бийликке таарынып, чабуулга өттүбү же башка сыры бар деп ойлойсузбу?

- Текебаев кыргыз саясатындагы бирден бир күчтүү фигура. Ошону интуиктивдүү түрдө сезген ар бир президент жанына жолотпой келди.  Күчтүү конкуренттин жанында турушун  адам пенде жактырбайт экен да. Ошентип жүрүп Текебаевдин акылы тескери иштей баштады. Болгон мыйзам, эрежелердин баарын сол жакка  буруп, акча алыш эле, акча жасаш элеби деп акчасы барлар менен ымалашып, кыргыздын колу - бутун Батышка байлап бере турган жолго түштү. 2010-жылдагы Баш мыйзам кыргызга  түздөн-түз кыянаттык менен жазылган.  Саясаттагы кызыл кулактыкты алып келген. Элди акча алганга, лидерлерди орун сатканга түрткөн. Мына эми ботко болуп жата бергиле деп жылмайып карап турган. Сабатсыз партиянын лидерлери орун саткандан башканы ойлобой парламент акыры колго алгыс болуп кадыры кетти. Мына ушуга Текебаев өзү күнөөлүү. Эми бирдеме деп сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Экиге бөлүп башкарабы, жарышып башкарабы, кандай болгон күндө да  Текебаев бузган жердин баарын чекесинен оңдоп, эң алгач эле баш мыйзамды өзгөрткөнү чоң эрдик болду. Бул эки дос саясий куулук жагынан Текебаевге жетпеши мүмкүн, бирок элине деген ниети түз, тилеги ак. Эми туурадан чыгып тоскоол болбой өз оокатын кылсын. Ушул эки доско эл ишендиби аягына чейин ишенет. Экөө элге иштеп беребиз деп милдетти моюндарына алган. Иштейт.

Жакшылап ойлонуп көргөндө деле эмне себептен баары эле Текебаев ойлогондой боло бериш керек. Саясатта Текебаевдин ыкмасы башка, Ташиев менен Жапаровдун ыкмасы такыр ойго келбегендей жаңы ыкма. Мен бөркүмдөй ишенем, Кудай оң салат. Анткени, эки достун эл деген тилеги ак. Ал эми элдин касиети күчтүү. Өзүнөн  өзү оң келип, өзүнөн өзү туураланып жүрүп отурат.

Ушунча доордон доорго жашап келе жаткан алакандай жердеги бир ууч кыргыз Улуу кудуреттин гана колдоосу менен келе жатканын сезем. Эбепке-себеп болуп ушул эки дос келип калды. Жөн келген жок. Кыргызымдын колдогон кудайынын каалоосу менен келишти. Кыргызды коргоп, колдоп келе жаткан Улуу сыр улам күчүнө кирип келе жатат. Ким кара санаса ал оңбойт. Ошондуктан ойду, ниетти тазаласак, баары жакшы болот.