Өмүрбек Текебаевдин партия өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда "эки дос өлкөнү талашып башкарып жатат" деген билдирүүсү тууралуу пикирин экс- депутат Бейшенбек Абдыразаков "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди.
- Текебаев антип айтпаса, Текебаев болбой калбайбы! Ошентип бирдемелерди айтып Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жеенбековдордун доорунан бери эле саясый соода кылып келатат го. Ал турсун октябрдан кийин келген жаңы бийлик менен да саясый соода менен өз партиялаштары Токтогазиев менен Сурабалдиеваны бийликке койгон. Ал бул сөздү азыр кадырлары бийликте жок болгондуктан, айрым кадрларын кызматка коюп, келаткан шайлоодо өтүп кетейин деген максатта айтып жатса керек.
Бирок 30 жылдан бери бийликке, байлыкка тойбогондордон эл тажады. Элге жаңы адамдар, жаңы кадамдар, өсүп-өнүгүү керек. 30 жылдан бери талап, тоноп, жатып, сатып, качып кеткендердин айынан эл эч кимге ишенбей калды. Жаңы бийлик, жаңы баш мыйзам, жаңы парламент, жаңы жашоо, жаңы саясат, жаңы саясатчылар керек! Тагыраагы жаңы “САЯСИЙ ДООР " башталышы керек!!!
Горбочев, Ельцин кеткендей эле доор болуш керек Кыргызстанда дагы.