Бүгүн айрым соцтармактагы баракчаларда "Ата-Мекен" партиясынын түбөлүк лидери Өмүрбек Текебаевдин жаштарга акыл үйрөткон жолугушуусунан үзүндү видеотасма тарады. Анда Текебаев: "учурда эки дос Кыргызстанды жарышып, талашып башкарып жатат"- деген таризде сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

Текебаевдин бул сөзүн өзү түзгөн фейк фабрикалар ошол замат көбүртүп - жабыртып, Лениндин осуятынан бетер элге жайылтып чыгышты.

Тарыхты караңыздар - Текебаев качан эле кыргыз элине, эл тандаган бийликтерге жакшылык кылып жүрдү эле? Ал бир гана Акаевге жакшы кызмат кылган, Кытайга Үзөңгү Куушту берерде залга кирип, кворум түзүп берип.

Адатынча, ал баары менен өз кызыкчылыгы үчүн соодалашат. Анын көздөгөн максаты ишке ашпай калса, дароо каршы чыга баштайт.

Атамбаев менен өтө ынак мамиледе жүрүп, өлкөнү талкалап, партиялык олигархиялык, коррупциялашкан системаны түзүүгө жетишти. Качан гана АША досун кезектеги конституциялык реформадан четтетип, алыстата баштаганда заматта кулпуруп, элге күйүп бышкан патриот оппозиционер болуп чыга келген. Бирок, ага карабастан, түрмөгө камалган.

Текебаевдин дагы бир өңүтү - анын Батыш каржылаган бейөкмөт уюмдар менен байланышы жакшы. А алар эч качан өлкөбүз өнүгүп кетсин дебейт. Текебаевдин да спонсорлору менен ою бир.

Жалпылай айтканда, Текебаевдин бүгүнкү билдирүүсүнун артында эмне жатат? Биринчиден, Текебаев эки үч айдан бери Германияга элчилик кызматын сурап, күтүп жаткан. Сындап чыкканына караганда, анын бул кыялы ишке ашпай калган. Таарынычын ушинтип билдирип жатат.

Экинчиден, жакында парламенттик шайлоо болот. Текебаевдин партиясынын рейтингин көтөрүүнүн мындан башка жолу жок. Элге эмне иш кылдым деп чыгат, эч нерсени жарытпаса? Сындаган ар дайым оңой да, а бул жагынан ал эч кимди алдына салбайт.

Бирок, Текебаев айтып койсо эле эки дос - Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жаман болуп калбайт. Алардын ишин эл гана баалайт. Текебаевдин андай укугу жок!!!