Президент Садыр Жапаров 23-августта кол койгон "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам сөз эркиндигине терс таасирин тийгизбейт. Мындай пикирин "Тилектештик" партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди.
- Күчүнө кирген мыйзам сөз эркиндигине кандай таасир этиши мүмкүн? Кандай артыкчылыктар, тобокелчиликтер бар?
- Эми бул мыйзам күчүнө кирсе бийликти сындай баштагандарга курал катары пайдаланышы мүмкүн, бул тобкелчилдиги, мыйзам негизинен саясий элитага колдонуш керек. Анткени, көп жалган маалыматтар менен элди алдап келишкени белгилүү. Эми элди алдаган саясатчылар мыйзам талабына ылайык жоопкерчиликке тартылса –артыкчылыгы деп түшүнсөк болот.
Ал эми сөз эркиндигине бул мыйзам таасири тийбейт, фактылар менен мыйзамсыз көрүнүштөр далилденсе.