Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 154

"Кумтөрдү" мамлекетке алуу менен Садыр Жапаров саясий эркин көрсөттү. Мындай пикирин экс-депутат Эсенгул Исаков "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. Ал белгилегендей, алтын кенди Кыргыз өкмөтүнүн башкаруусуна берүү күрөштүн биринчи бөлүгү гана, алдыда эл аралык сот турат. 

"Азыркы убакта “Кумтөрдү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтү башкарууда. Бул кадам Садыр Нуркожоевич Жапаровдун саясий эрки болду деп айтсак жаңылышпайбыз. Адилеттүүлүк үчүн айтыш керек, "Кумтөрдү" акционерлер жөн эле берип салбайт, эл аралык сотто катуу күрөш күтүлөт. Сот акыйкат караса, жеңиш биз тарапта болооруна көзүм жетет. Себеби, жаратылышка жана экологияга келтирилген зыян  орду толгус жоготуу болду. Анын кесепети дүйнөлүк проблемага айланаары анык. Себеби, кылымдап элге кызмат кылып келген жана дагы кыла турган ири мөңгүлөр жок болуп, дагы канчалаган мөңгүлөр жоголуунун алдында турат. Муну быйылкы кургакчылыкта өз жонубуз менен сездик го!", - деди Эсенгул Исаков.