Францияда 300 жылдай мурда болуп өткөн окуялар учурда Кыргызстанда кайталанды.  Бул өлкөдө ошол орто кылымдарда провинциялардан, кыштактардан Парижге ар кандай  себептер менен агылып келишип, шаар турмушуна аралашып, ар кандай кызматтарга,  иштерге орношуп, бийликке, саясатка аралашып, бийликтин жогорку тепкичтерине  жетишкен. А.Дюма “Үч  мушкетер” романында ошол болгон көптөгөн, турмуштагы  реалдуу учурлардын бир гана көрүнүшүн жазган. 

Француз эли менен кыргыз элинин менталитетинде, мүнөздөрүндө окшоштуктары бар.  Бийликтегилердин адилетсиздигине, зордук-зомбулукка баш ийбестиги, эркиндикти,  боштондукту сүйгөндүгү, тайманбастыгы, эр жүрөктүүлүгү ошону менен бирге эле ак көңүл, шайыр, меймандос эл экендиги менен окшош.  Францияда да орто кылымдарда,  андан кийин да көптөгөн революциялар болгон. Бийликтегилерди  кулатышып, дворец-сарайларды басып алышып, түрмөлөрдөн туткундарды бошотушкан. Бастилия деген чоң  түрмөнү талкалап, тегиздеп салышкан. Король, кардиналдарын кууп жиберишип, кээ  бирөөлөрүн өлүм жазасына тартышып, республика орнотушкан. Мурда да, акыркы убактарда да Европадагы эн көп элдик толкундоолор Францияда, Борбордук Азияда, Кыргызстанда жана кыргыздар жашаган аймактарда болгон. Эл башчы, кол башчы аялдар да Европада француз элинен, а Борбордук Азияда Кыргыз элинен чыгышкан. Алар: Француз эл баатыры Жанна Д Арк, кыргыз элинен эл башчы, кол башчылар Курманжан Датка, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкалдарды айтсак болот. Кыргыздар да Алтайда Борбордук  Азияда эң байыркы элдерден болуп, көптөгөн башка элдерди да кошуп алышып, өз  мамлекетин, кагандыктарды, хандыктарды түзүшкөн. Башка күчтүү элдерге да  жеңилишип, көз каранды да болушкан. Бирок баатырлар, эл башчылар чыгышып, кайра  эле эркиндик үчүн тынымсыз күрөшүп келишкен. Орто кылымдарда баскынчыларга,  калмактарга, ар кандай хандыктарга каршы согушуп, бийликке жетишкен. 20-кылымдын башында, 1916-ж.  Россия империясынын баскынчылык саясатына каршы  боштондук үчүн, 1920-30-жж. Совет бийлигине каршы, улут, ата-салт баалуулуктарын,  маданиятын, диний  эркиндигин  коргоо  үчүн  күрөшкөн. Совет  бийлиги  аларды  “басмачылар”  деп  аташкан. Акырында, 1991-ж. эгемендикке жетишип, Кыргыз эли өз мамлекетин түзүштү.  Эгемендиктеги 30 жыл ичинде бийликке келишкен президенттер, чиновниктер элди  алдашып, мамлекетти талап-тоношуп, ишканаларды талкалап, сатышып, байлыктарды  уурдашты, өздөрүнө хан-сарайларды салышып, кымбат машиналарды алышты.  Карапайым эл болсо жакырланып, жумушсуз миңдеген эл чет мамлекеттерге кетишти,  калгандары эптеп-септеп күнүмдүк жан багышып, жашап жатышты. Мына ушундай  жагдайда областардан, район, айылдардан элдер, көбүнчө жаштар Бишкекке, борборго  агылып келишип, ар кандай жумуштарда иштешип, мамлекеттик, саясий, маданий  иштерге аралашып, такшалышып, алдыңкы аң-сезимдүү, патриот намыскөй  жаштар  бийликтеги адилетсиздикке, уурулукка каршы күрөшө башташты. Бийликтегилер аларды  куугунтуктап, түрмөгө камашты. Патриот жаштардын бир тобу бийлик менен келишип  кызмат алышты, бир тобу чет элге чыгып кетишти, бирөөлөрү күрөштө курман болушту.  Жаштардын арасынан эң чыдамкайлары, эрки күчтүү, тайманбастары күрөштү уланта  беришти.  Натыйжада, 2005-ж. Акаевдин, 2010-ж. Бакиевдин бийликтерин кулатышты.  Ак үйдү өрттөшүп, укук коргоо кеңселерин талкалашты.

Президенттер үй-бүлөлөрү менен чет элге качып кутулушту. Бирок алардан кийин  келген  бийлик олигархтары мамлекетти уурдап-тоноолорду токтотушкан жок, коррупция күчөп,  карапайым эл жакыр бойдон калды. Патриот жаштардын эң күчтүүлөрү биригишип,  уюшуп, күрөштү уланта беришти. Алардын ичинен айрыкча “Үч дос” биригишип  күрөштү катуу  жүргүзүшүп, Ак үй,  көк үйгө чабуул  коюшту, андан алар кармалышып,  соттолушуп, түрмөгө камалышты, үй-бүлөлөрү кыйынчылыктарга, трагедияларга  туш  болушту. Кыйынчылыктарга  карабай  “үч  дос”, кыргыз  “үч  мушкетер”  бирин  бири  таштабай, так эле француз достор Д.Артаньян, Атос, Партостордой  бирге  күрөш  жүргүзүшүп,  “Баары бирөөсү үчүн, бирөөсү баары үчүн”- дегендей, бирин-бири  колдошуп, куткарып, түрмөдөн бошотушуп,  күрөштү  уланта  беришти. Француз  “үч  мушкетерлерден” айырмаланып Кыргыз “үч мушкетерлери” өз заманындагы  учурга  жараша, кылычтын ордуна муш менен, мушкеттин ордуна ураан-кыйкырыктар менен  күрөш жүргүзүшүп, аларды эл колдоп,  акырында 2020-ж. 4-5-октябрында жеңишке  жетишишти.  Дюманын каармандары кардиналды гана  жеңип тим болсо, кыргыз  “үч  мушкетеру” алардан ашып өтүп, королду да, кардиналды да кулатышып, өздөрү бийликке  келишти. Ошон  үчүн аларды кыргыздын “үч  мушкетери”  десе  болот.

Мына эми Кыргызстан эли алардан мамлекетте адилеттикти орнотуп, коррупцияны  жоюп, Кыргызстанды эң алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошот деген  үмүт  менен жашап жаткан кези.

Кыргыз эли тарыхый окуяларга бай байыркы элдерден. Биз өзүбүздүн жакшы жактарыбызды эң биринчи өзүбүз мактап, дүйнөгө алып чыгып таанытпасак, эч ким бизди билбейт, эч ким бизди мактабайт. Кыргызстан тарыхында болгон ушул окуяны биздин  көрүнүктүү тарыхчы жазуучуларыбыз К.Молдокасымов, Т.Чоротегин, А.Капай уулу  изилдеп, кыйынчылыктарды, куугунтук, азап-тозокторду жеңип кантип бийликке  келишкенин жазышса, А.Дюманын романындай баалуу чыгарма болорунан шек жок.

 

Акматали Сайитбеков, Баткен  шаары        

Булак: “Майдан. kg” гезити