- Турсунбек агай, президент: “Менин максатым “Кумтөр” сыяктуу элдин байлыгы болгон кен байлыктарды элге иштетүү болчу. Буюрса, аны ишке ашырдым”- деди. Ажо “Кумтөр” боюнча элге берген убадасын аткардыбы?
- Президент Садыр Жапаров өзүнүн айткан аткарып, “Кумтөргө” парламент жана демилгечилер аркылуу тышкы башкаруу киргизип, өзүнүн илгертен баштаган демилгесин ишке ашырып, элдин карамагына өткөрүп алды. Буга саясий эрк керек болчу. Садыр Нуркожоевичте ошол эрк болду. Буга чейинки президенттер Садыр Жапаровдой батыл кадам жасап, чечкиндүү кирише алган эмес. Садыр Нуркожоевич шайлоо алдында элге берген убадасын аткарып, сөзүнө турду. Эми эл аралык соттордо утуп алууга аракет кылышыбыз керек. Ага ар бирибиз соттон утууга өз салымыбызды кошушубуз керек.
- Президенттин чек ара маселесин чечүү аракетин кандай баалайсыз?
- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев экөө тең чечкиндүү сапатары бар патриоттор. Булар бийликке келгени бир канча маселе чечилди. Буюрса, Өзбекстан менен чек ара чечилип бүтүптүр. Буюрса, Тажикстан менен да чек ара маселесин чечишет. Анткени, Баткендеги окуяда элдин баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге башка маселени токтотуп, чек ара маселесин чеч деген чоң талап коюшкан. Чек аранын айынан кан төгүлдү. Адамдар жаракат алып жатат. Ошон үчүн чек ара маселесин чечүүнүн жолун табышат. Мен Садыр Жапаровдун бул маселенин аягына чыгаарына ишенем. Буюрса, Камчыбек Ташиев да чек араны чечүүгө чоң салым кошот деп ойлойм.
- Олимпиадада ийгилик жараткан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Садыр Жапаровдун колдоосунан кийин спорт тармагы да жанданат деп үмүт арсак болобу?
- Токио Олимпидасынын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жөнүндө эки ооз сөз айтайын. Кечээ Токио олимпиадасынын сыйлоо аземинде сыйлангандарды, сыйлагандарды көрүп толкундандым. Сүйүнүчтөн көзүмө жаш алдым... Кыргызстандын тарыхында мындай деңгээлде спортчуларды эч ким сыйлаган эмес. Айсулуу менен Акжолдун алган күмүш медалдары алтынга тете, Мээримдики күмүшкө тете медаль болду. Борбор Азия мамлекетинде алган медалдарыбыз боюнча 2-орунду алдык. Бул чоң жетишкендик. Анткени, “мен кыйынмын” деген президенттер башкарган мамлекеттерден бир да медаль албай калгандар болду. Биз спортчуларыбыздын ийгилиги менен Тажикстандын алдында моралдык жактан да жеңишке жетиштик.
Буга чейин премьер-министр: “Ким алтын алса, 10 миллион сом беребиз, күмүш медал алса, 7 миллион сом беребиз” деп жарыялаган. Акжол менен Айсулуунун алган медалдары алтынга тете болгон үчүн аларга 10 миллиондон берилди. Мээримдики күмүшкө тете болуп, ал 7 миллион сом алды. Ошондой эле үч автомобилди президент өзүнүн атынан белек кылды. “Манас” орденин такты. Бул спортчуларыбызга дем, күч берген аябагандай чоң сый болду. Каныбек Осмоналиев айткандай “аванс” берилди. Канат Бегалиевдин машыктыруучусу 2008-жылкы Олимпиадада күмүш медал алып келсек да, мындай сый көргөн эмеспиз деп толкунданып ачык айтты. Жоломан Шаршенбаев сыяктуу азаматтарыбыздын мээнети, аракети бааланды. Айпери Медет кызы медал алып келбесе да Американын дүйнө чемпионун аз жерден жеңип койгону эске алынды. Медал албаса да, медаль алганга тете иш жасаган спортчу кызыбыздын да эмгеги бааланып, татыктуу сыйлыгын алды. Президентибиз спортчуларга болгон өзгөчө урмат-сыйы менен келерки олимпиадага чоң дух берди.
Булак: “Майдан. kg” гезити