Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 249

- Турсунбай мырза, мамлекеттик система тазаланбаса, коррупция токтобосо элдин халифат курууга болгон ниети күчөй баштайбы?

- Таң калган жерим: светтик радикалдар менен теңирчилер “саясатты динге аралаштырбагыла!”- деп дайыма мусулмандардын огородуна таш ыргытышат. Бирок, өздөрү жаман түш көрүшсө эле динди саясатташтырып жибергени боорду эзет!

“Мамлекеттик системаны тазалайбыз”- деп Кыргызстаныбызда канча жолу ыңкылап (революция) болду?! Натыйжасы эмне менен бүттү?! А.Акаев “коррупция Ак үйдүн 7-кабатына жетти!” деп өзү олтурган кабатты айткандан бери, “соттун 90%на элибиз ишенбейт!”- деп өзү дайындаган сотторду сынга алгандан бери ушул күнгө чейин эмне өзгөрүлдү?! Президенттер келип-кетип, кээ бири качып кетип жатышат, бирок арабабыз балчыкка батып, эч чыга албай жатат.

Ошондуктан, мамлекеттик системаны калп эле “тазалайбыз” деп куру убада бере бербей, ал системаны түп тамыры менен  элдин пайдасууна өзгөртүү абзел! Эгер элибиз айласы кеткенинен ислам дининен бөлөк жолду көрбөй жатышса - беш маал намазын окуган мусулмандар же 1400 жыл мурда Жараткандын сөзүн адамзатка жеткирген Мухаммад (салалЛаху алейхи уа салям) пайгамбарыбыз күнөөлүбү?! Күнөөнү бийликтегилер элден эмес, а саясий системадан жана өздөрүнөн издешсе адилеттүү болмок. Элде не күнөө?! Эл бийликтин айтканы менен жашап жатат.

- Халифат курууну көздөгөндөр террористтик уюмдун мүчөлөрүбү?

- Динден кабары жоктор жана дин душмандары “халифат” дей бергени менен халифат түзүлүп калбайт. Биринчиден, халифат Аллахтын буйругу менен гана курулат. Буйругу болбосо, миллион жолу аракет жасай бер, кыйкыра бер, баракчаларды тарата берсең да,  халифаттын бир бурчу да тургузулбайт!

Экинчиден, “халифат - бул исламий башкаруунун астында бириккен жерлер, мамлекеттер”. Акыркы халифатты 100 жыл мурда - өзүнө Европа, Азия жана Африканын жергелерин камтыган Осмон империясын христиан жана жөөттөр биригип алышып, 1-дүйнөлүк согуштан кийин жок кылышкан.

Башка сөз менен айтканда, бир мамлекетти халифат кылып жарыялоо мүмкүн эмес. Ошондуктан “террористтерди” издөөнү токтотуу керек. Жада калса, баарынын жүрөгүн түшүргөн “Талибан” кыймылы да “халифат” эмес, а “эмират” деп өздөрүнүн мамлекетин жарыялады. А Кыргызстанда кайсы “халифат” болушу мүмкүн?!

Ошондуктан динге жана мусулмандарга каршы чагымчылыкты токтотуу абзел. Дин менен тамашалашуу өтө кооптуу. Өрт келсе, аны өчүрүү аябай кыйын болуп калат.

- Айтканыңызга ынаналы, бирок эгер мамлекет иштеп, коррупцияны жойбосо, адилеттүү башкаруу болбосо элдер радикалдаша баштайбы?

- Садыр Жапаровду элибиз акыркы үмүт менен шайлады. “Эч болбосо мага алты ай бергиле - иштегенимдин натыйжаларын көрөсүөр!”- деп ал элди ишендирип кетти. Эми жөнөкөй арифметикага өтсөк: инаугурацияда ант берип президенттин кызматына расмий киришкен февраль айындагы күнүнөн бүгүнкү август айына чейин туптуура алты ай болуп жатат. Эми ажону сындаганы моралдык жана жарандык укугубуз бар.

Эгер коррупцияны жоё алышпаса, адилеттүүлүктүн принциптерин мамлекеттик башкарууга киргизе алышпаса, убадаларынан тайганы күчөсө, анда элибиз ачык эле нараазы болгонун айтышы мүмкүн. Элибиздин пейилин Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да, Акылбек Жапаров да, бөлөк бийликтегилер да жакшы билишет...

А “эл радикалдашып кетет” деген сөздүн артында эмне турат?! Албетте, адашкан пикир турат. Элибиз Жараткан Аллах-Таалага көбүрөөк сыйына баштаса, аракты, зинаны, паракорлукту жана башка күнөөлүү иштерди ташташып намазга жыгылышса, кафе-ресторан-особняк-джиптерге акчасын жумшабай муктаж мекендештерине зекет менен садака, хадия бергенди башташса, ата-энелерин ажыга алып барышса, орозосун үзгүлтүксүз кармай башташса - элдин мындай “радикалдашканына” ар бир даанышман, ыймандуу бийлик сүйүнмөк! Анткени, алкаштардан, наркомандардан, гейлерден, сойкулардан, паракорлордон, алдамчылардан, мошенниктерден, сүткорлордон турган коомго караганда момун мусулмандардан турган коомду башкаруу оңойураак да, жагымдураак да болот...

- Афганистандагы бийликти колго алды деген “Талибан” кыймылын Афганистандын вице-президенти “тааныбайм”- деди го. Эми эмне болот?

- “Талибанды тааныбайм” деген мурдагы вице-президент Амрулла Салех алгач Тажикстанга качып, ал жерде Эмомали Рахмон менен жашыруун сүйлөшүп, чогуу план түзүшүп, ошондой билдирүү жасады. Экөөнүн ишенгени Ооганстандын түндүгүндө жана Кабул шаарында жашаган 5 миллион тажик калкы.

Бирок ошол тажиктер Рахмон менен Салехти колдойбу - бул өтө чоң маселе! Эгер Амрулла Салех ырааматылык Ахмадшо Масуддай улуттук жана диний лидер болгондо ага ишенсе болот эле. Бирок, Ашраф Гани менен кошо бул Салехти Америка бийликке койгон да - элдин арасында алардын авторитети жоктугунан элин, өлкөсүн таштап  качышты да! Салехтин азыркы билдирүүсү жылмаюудан бөлөк эч нерсени жаратпайт.

- Коомчулукта талиптерди колдоп, Афганистанды куттуктап жазгандарды дагы мыйзам алдында, мамлекеттин алдында жоопко тартыш керек деген пикирлер айтыла баштады. Анын залакасы сизге да тийип калбайбы?

- Дагы бир жолу мээсинен аксагандарга таң каламын! Эмне, Американын акчасына жана аскерине таянган коррупцияга башы менен кирип кетишкен марионет президент жана анын айланасындагылар калышса сүйүнүшүбүз керек беле?! Үч жолу башынан ыңкылап (революция) өткөргөн кыргыздардан мындай реакцияны күткөн жок элем. Эгер үч жолу тең кыргыздын жаңы келген бийлигин дүйнө коомчулугу, коңшу өлкөлөрдө тааныбай коюшса эмне кылат элеңер?!

70 жыл советтик коммунисттер-атеисттер ата-эненердин мээсине “Кудай жок!” деп куйганынын, 30 жыл бизге жат Батыш демократияны Кыргызстанга орнотобуз деп орто жана жаш муундардын мээсин уулагандыктын кесепети ушул сөздөргө алып келип жатат.

Өмүр бою согуштан колу бошобогон, канча-канча жарандарын жоготкон, жесир менен жетимдерге толгон коңшу Ооганстан өлкөсүндө улуттук-боштондук күрөшүнүн негизинде чет өлкөлүктөр басмачылар качып, тынчтык орноп жатса биз сүйүнбөй койсок анда Аллах-Таалага да мунубуз жакпайт го деп эсептеймин. “Талибан” өзүн мекенчил, патриот күч катары сөзүндө да, ишинде да далилдеди! Эми ооган элине тынч жана бактылуу жашоону каалайлы. “Кошунаң тынч - сен да тынчсың”- деген накыл кепти унутпайлы, береке тапкырлар.

А мээси күндө куйкалангандарга айтат элем: талибдерди тек коюп, Ооганстанды оогандыктардын өздөрүнө коюп, алаксыбай, чагымчылыкка берилбей, Кыргызстандагы көйгөйлөрдү бирге чечпейлиби, анын ичинде биринчи ирээтинде - коррупцияны, трайбализмди, көрө албастыкты жана ушул сыяктуу. Ушундай эле камагыңар келсе - анда уурдаганынын ондон бирин берип “болду, мен кусуп бердим!”- деп СИЗОдон эркиндикке чыккандарды кайра камагыла. Элден чырайлуу кечирим сурап Москвага кете берген тунгуч президентиңерди камагыла, Оруссия, Беларусь жана Казакстанда жоопкерчиликтен качып, бирок ачык күлүп-жайнап жүргөн коррупционер-аткаминерлерди камагыла. Ушундай эле камаганы эч кимди таппай калсаңар - 16-сентябрда тенирчилердин ана-башчысы Гулзат Аалиеванын соту болот экен, ошону камагыла!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити