Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 166

- Сонунбүбү эже, президент эл менен жолугушууда: "Менин максатым "Кумтөр" сыяктуу элдин байлыгын элге иштетүү болчу”, - деди. Президент “Кумтөр” маселесин чече алабы?

- Эл тагдырын чечет деп өзүбүз шайладык. Демек, чечкиче чыдап колдоп турушубуз зарыл. Айттыбы, биз ишенели. Ишенбей эле андай эмес мындай дей берсек анда биздин улуу эл экенибиз кайсы.

- Бийликтин чек ара маселесин чечкенге күчү жетеби? 

- Чек араны да чечүү үчүн иш жүрүп жатат, Өзбекстан менен чек араны тактоо бүтүп калды. Тажикстан менен да жакын арада бүтөт деп ойлойм. Президентке жана чек ара маселесин чечем деп катуу киришип жаткандарга ишенсе болот. Бирок Тажикстан  тарап  калыс эмес иштерди жасап коюп жатышат. Сыягы, булар күчкө салгысы келип жаткандай. Тежик деп бекер айтылбаса керек. Ошондуктан, бул иште эки жактын тең аксакалдарын аралаштырып, элдин күчү менен чечиш керек. Болбосо мыйзам дегенди, эл аралык мамиле дегенди өз түшүнүгү менен кабыл албаган немелер ар кандай ойлонулбаган копоол кыймылдарды жасап жибериши толук ыктымал. Булардын талуу жери, булар эсептешкен мамлекет. Ошол мамлекетти ортого салып, тынч отур дедирип коюш керек.

- Ийгиликке жетип, алган медалы менен элди кубанткан спортчуларды татыктуу сыйлай алдыкпы? 

- Олимпиада маселесине келсек, ийгиликке жеткен спортчулар менен машыктыруучуларды жогорку деңгээлде сыйладык. Бул иш чара спортчулар менен машыктыруучуларга дем берген эң жакшы иш болду. Эл катары биз да акыры элге кызмат кылган инсандарды барктап турганыбыз өзүбүздүн эле жүзүбүз. Көргөн - билген да айтып жаткандыр. Мына, элдик президент келип, эмгек жасаган  адамдарын көтөрүп жатат деп.

Буюрса, баары акыры ордуна келет. Мен бөркүмдөй ишенем. Президентибиз шашпай баарын ишке ашырат. Сабырдуулугун сыйлайм.