Center for Insights in Survey Research Эл аралык республикалык институттун заказы менен SIAR Research and Consulting компаниясы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, кыргызстандыктардын үчтөн бир гана пайызы Садыр Жапаровго ишенээри белгилүү болгон. Ошондо, 32 пайызы. 

Сурамжылоого 1 миң 211 кыргызстандык катышкан жана алардын жаш курагы 18 жаштан өйдө болгон. Өлкөнүн жети облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын тургундары тартылган. 

Анда "Кайсы саясатчыга же коомдук ишмерге ишеним көрсөтөсүз?" - деген суроо берилип, сурамжылоого катышкандардын 24 пайызы Камчыбек Ташиевди аташкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2 пайызга гана ээ болсо, Аскар Акаев бир пайызга жеткен. А башка саясатчылар 10 пайызды да багындыра алышпаган. 

Аны менен катар ар бир бешинчи жаран, башкача айтканда сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы эч кимге ишенбей турганын белгилешкен.