Орусия президенти Владимир Путин ооганстандык качкындардын Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнѳ визасыз жайгаштырылуусуна каршы экендигин билдирип, Батыш саясатчыларын сынга алды.

“Биздин батыштык кесиптештерибиз Ооганстандан качышкан качкындарды АКШга жана башка ѳлкѳлѳрүнѳ виза алганга чейин Борбордук Азия мамлекеттерине визасыз жайгаштырууну аябай каалап жатышат. Демек, бул ѳлкөлѳргѳ, биздин кошуналарга визасыз жайгаштырса болот, аларга визалары жок  болбойт экен да… Бул эмне деген басмырлагандык мамиле? Биз муну ЖККУнун саммитинде жана башка аянтчаларда талкуулайбыз. Биз Борбор Азия ѳлкѳлѳрү менен байланыштабыз. Алар бизге кѳп жагынан союздаш жана ѳнѳктѳш мамлекеттер. Биз качкындар арасында кимдер бар экенин билбейбиз”,- деди В. Путин.

Булак: “Майдан. kg” гезити