Талибдердин Афганистандагы бийликти колго алуусу менен ѳлкѳ экиге бѳлүнүп, Түндүк жана Түштүк Афганистан мамлекеттери пайда болушу ыктымалбы? Афганистандын келечектеги тагдыры кандай болорун убакыт кѳрсѳтѳт. Бирок саясат талдоочу Бакыт Бакетаев геосаясаттагы эки ѳлкѳнүн тирешүүлѳрү, кызыкчылыктары Афганистанды Түндүккѳ жана Түштүккѳ бѳлүшү мүмкүн экендигин айтты.
Анын айтымында, Вашингтондо, Москвада жана Брюсселде жасалган билдирүүлѳр саясий айсбергдин жогорку бѳлүгү гана. Ал эми айсбергдин астыңкы бѳлүгүндѳ кѳп нерселер жатат. “Маселен, Россия Борбордук Азиядагы ѳлкѳлѳр менен бирге Афганистандагы проросиячыл күчтѳргѳ колдоо кѳрсѳтѳт. Ал күчтѳр негизинен ѳлкѳнүн түндүгүндѳ жашашат. Ал эми Пакистан пуштундарды колдоого алат”,- дейт саясат талдоочу.
Серепчинин белгилѳѳсүндѳ, АКШ Афганистандан чыгып кеткени менен жѳн жатпайт. Алар бийликти афган ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү ийгиликсиз болгонун унутушпайт, 2000 америкалык жоокер кѳз жумду, 800 млрд. доллар жумшалды. АКШ бүгүнкү күндѳ Афганистандын АКШ банктарында сакталган алтын валюта резервдерин тоңдуруп салды. ЭВФтин эсеби боюнча 9,4 млрд. доллар каражат.
Кытай болсо биринчи кезекте аймактагы ѳзүнүн экономикалык кызыкчылыгын алдыга коёт. Тагыраагы, Пакистан жана Афганистандын бир бѳлүгү аркылуу ѳтүүчү ири экономикалык темир жол долбоорун сактап калууга умтулат.
Кѳрүнүп тургандай, Россия менен АКШ Афганистанда консоладацияланган саясатты жүргүзѳ алышпайт. Мындай абал акыр аягы келип, Афганистанды экиге бѳлүп, Түндүк жан Түштүк Афганистан мамлекеттеринин пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Булак: “Майдан. kg” гезити