- Марлен Абдрахманович, президент Караколдо эл менен жолугушуу учурунда “менин максатым “Кумтөр” сыяктуу кен байлыктарды элге иштетүү болчу. Буюрса, аны ишке ашырдым"- деди. “Кумтөр” мындан ары толук элге иштейт деп ишенсек болобу?
- Буюрса, “Кумтөр” кени элге иштейт деп үмүт артып турам. “Кумтөр” кени эң негизи маселелердин бири болчу. Эми гана “Кумтөрдүн” пайдасын мамлекет көрө турган жолго түшө баштады. Чынында ал жерде бир топ алтын бар. Ошол алтынды өзүбүздүн мамлекетте калтырып алсак, ошол да биз үчүн чоң утуш болот. Себеби, буга чейин казылган алтындардын көбү Кыргызстандан чыгып кеткен.
- Президент дагы бир көйгөйлүү маселе чек араны чечүү экенин айтты. Азыркы бийликтин чек ара маселесин чечкенге күчү жетеби?
- Чек ара маселеси чыны менен өтө оор, татаал маселе. Аны бир заматта эле чечүү мүмкүн эмес. Анткени, ал маселе биз каалагандай эле чечиле калбайт. Бир тараптуу кылып, биз утушка жеткендей кылып да чече албайсың. Биз өзүбүзгө ыңгайлуу жолун айтканыбыз менен башка мамлекеттер ага көнбөйт. Ошон үчүн чек ара маселесин чечүү кыйын, татаал иш болуп турат. Азыр чек арада чоң маселе жаралууда. Ворухту анклав катары калтырбаш үчүн бардык аракетин жасап жатышат. Жерлерди алмаштыруу жолу менен гана чечпесек, бул маселени жөн эле чечүү өтө кыйын болуп калды.
- Олимпиадада ийгиликке жеткен спортчуларга, машыктыруучуларга дем, күч берген колдоодон кийин спорт тармагы да жанданат деп үмүт артсак болобу?
- Ооба, биздин спортчулар жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду. Биз спортчуларыбыздын мындай жеңиштерин кубаттап, мындан ары да ушундай ийгиликтерге жетишине мотивация берип турушубуз керек. Анткени, спорт аркылуу мамлекетибизди таанытып, дүйнөгө желегибизди желбиретебиз да.
Чынайым Кутманалиева, "Саясат. kg"