Бийликтин кыртышы сүйѳ бербеген саясатчылардын тигил же бул ѳлкѳгѳ элчи болуп жѳнѳтүлүүсү бул – “мамлекеттен алыста болуп, тынч жүр, саясий иштерге кийлигишпе”- деген эле ишаарат. Башка мамлекеттерде кандай билбейбиз, бирок бизде ушундай экендиги чындык.
Расмий эмес маалыматтарга ишенсек, башкы атамекенчи Ѳмүрбек Текебаев КРнын Германиядагы элчиси болуп дайындалат экен. Саясатчынын ѳзүнүн унчукпаганына караганда маалыматтын чындыгы бар десек болчудай.
Не дейбиз, саясий реалдуулуктан алып карай турган болсок, бул Ѳмүрбек мырза үчүн жакшы сунуш. Очойгон маяна алып, Германияда жашап, иштеп, Европа ѳлкѳлѳрүнѳ гастролдоп келүүгѳ реалдуу мүмкүнчүлүк. Анын Кыргызстандагы саясий карьерасы туңгуюкка кептелди. “Ата-Мекен” партиясынан оомат кетти, ѳткѳн жылдын октябрындагы шайлоодо жарытылуу добуш ала алган жок, акыркы жергиликтүү кеңештерге катышпады. Ѳзүнүн да саясаттагы кадыры, аброю кескин түшүп кетти. Алдыдагы шайлоодо деле парламентке шайланып келери күмѳн. Бир сѳз менен айтканда, кыргыз саясаты мындан ары Текебаевсиз эле кѳчүн улай берчүдѳй болуп калды. Акылдуу киши эмеспи, реалдуулукту туура аңдап, дараметин туура калчап, элчи болууга макулдугун берген окшобойбу. Жоктон кѳрѳ жогору да.
Булак: “Майдан. kg” гезити