Саясат таануучунун пикири боюнча, мыйзамда талаштуу жерлер бар, бирок алар бир гана интернет провайлерлерге тиешелүү.

"Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын демилгелеген жалган маалымат тууралуу мыйзам долбоору сөз эркиндигин басмырлабайт”, -деди саясат таануучу Денис Бердаков.

- Коомчулукта буга чейин талкууланып, түрдүү пикир жараткан мыйзамга кол коюлду. Бул сөз эркиндигин басмырлоого шарт түзүп  койбойбу? Бул мыйзам Кыргызстанга керекпи?

- Буга окшогон мыйзамдар дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө бар, анткени байланыш провайдерлери тигил же бул маалыматты туура эмес деп эсептесе алдын ала блоктоп же жок кылып салышат.

Көп өлкөлөрдө интернетке кирүүнү катаалдаштырып койгон. Мисалы АКШ сыяктуу өлкөлөрдө купуя кирүү такыр эле мүмкүн эмес. 

Анын үстүнө Кыргызстанда бул көйгөй алдыңкы планга чыкты деп ойлойм.  Ошондуктан бул тармакты көзөмөлдөбөй коюуга такыр мүмкүн эмес.

Мындай мыйзам азыр Кыргызстанга аба менен суудай керек. Бул жерде мыйзамды системалуу түрдө укуктук негизде колдонуу тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан, сөз эркиндигин басмырлоого шарт түзбөйт.