Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 126

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, мурдагы президент Атамбаевдин соратниги Фарид Ниязовдун кылмыштары кылтыйып чыга баштады. Ал буга чейин бир катар кылмыш иштерине айыпталган болсо, андан кийин Түркиянын 10 жаранына жарандыкты мыйзамсыз берген деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

Анткени, агезде ал президенттин алдындагы жарандыкты берүү боюнча комиссиянын тѳрагасы катары кимдерге жарандыкты берүү же бербѳѳнүн билерманы болуп турган. Ф.Ниязов адатынча ѳзүнѳ тагылган айыптарды жокко чыгарып, ага саясий түс берүү менен жарандыкты берүү процедуралары мыйзамдарды сактоонун алкагында болгонун айтууда. Бирок ошол эле мезгилде жүздѳгѳн этникалык кыргыздардын КР жарандыгын ала албай, айлап, жылдап күтүп келатышкандыктарын каякка катабыз? Эмне үчүн Түркиянын 10 жаранына КР жарандыгы бат эле берилген? Ф.Ниязов ушул жерден да шефи экѳѳ акча жасашып, жарандыкты берүү боюнча комиссияны коррупциялык иш-аракеттерди кылып ийишкен эмеспи? Булардан башкаларга да  жарандыктар мыйзамдарды бузуулар менен берилген болуп жүрбѳсүн. Тийешелүү органдар бул маселеде Ф.Ниязовдун күнѳѳсү канчалык экенин аныктап, коомчулукка жарыялашы керек. Эл кимдин ким экендиктерин билсин!

Булак: “Майдан. kg” гезити