Легендарлуу парламенттин төрагасы, профессор, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов “Парламент сабактары” көрсөтүүсүндө Кыргызстандын 30 жылдагы ийгиликтери жана жоготуулары жөнүндө маек берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.
“Кыргыз Республикасы өзүнчө мамлекет болууга 1988-1989 жылдары чечкиндүү кадам таштаган. Легендарлуу парламентке чейинки чакырылыш кыргыз тилин — мамлекеттик тил деп жарыялаган. Бул дагы Кыргызстандын өз эгемендүүлүгүнө таштаган чечкиндүү кадамдарынын бири болчу”, - деп сөзүн баштады Шеримкулов.
Шеримкуловдун айтымында, азыркы парламенттин имараты 1984-жылдын ноябрында ишке кирген. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларация 1991-жылдын 31-августунда азыркы парламенттин залында кабыл алынган.
“Кыргыз Республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилегенде ошол мезгилдеги мамлекет башчысынын, кыргыз өкмөтүнүн башчысынын жана Легендарлуу парламенттин депутаттарынын эмгегин эске алып, ыраазычылык билдирсек туура болмок”, — дейт ал.
“Биз ал кезде толук кандуу көз карандысыз болбосок да, Советтер Союзунун карамагына кирген жана өнүккөн өлкөлөрдүн катарында элек. Союздагы ошол 15 республикага салыштырсак, анда 30 жыл ичинде Кыргызстанда өсүү, кемчилик жана чоң каталыктар да болду. Жетишкендигибиз — бул Кыргыз Республикасынын өзүнчө көз карандысыз мамлекет деп жарыялагандыгы, Баш мыйзамын, желек, гербдерин кабыл алгандыгы. Өз гимнин бекитип, улуттук валютасына ээ болгондугу, башка мамлекеттер менен тең укуктуу, суверендүү мамлекет катары карым-катнаш түзгөнү. Ал эми кемчилиги — башка республикаларга салыштырмалуу экономика жагынан өсүүсү соолгундап калды. Советтер Союзундагы өндүрүш тармагын, өнүккөн айыл чарбаны, жогорку деңгээлдеги илим-билим жана маданиятты сактап кала албадык. Мунун баары биздин кемчилигибиз”, – деди Шеримкулов.
Муну менен катар Легендарлуу парламенттин кыргыз тарыхына “легендарлуу” деп кирип калганынын себеби тууралуу сөз кылган коомдук-саясий ишмер: “Ошол мезгилде шайланган 350 депутаттын ичинде 10дон ашык академик, дүйнөгө атагы чыккан жазуучулар бар болчу. Ал депутаттар менен кыргыз эли чындыгында сыймыктанчу. Себеби көп жылдап күткөн элдин үмүтүн орундатып, жаңы, толук кандуу демократиялуу мамлекет түздүк” – деп кошумчалады.