Жакында интернет желесинде “Кумтөр” алтын кен компаниясында Курманбек Бакиевге куюп койгондой окшош адам жүргөнү тууралуу маалымат тарады.
Соцтармактарда жайылган сүрөттө аталган алтын кен компаниясында иштеген адамдын чын эле мурдагы президентке коендой окшош экенин көрүүгө болот.
Сүрөт жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине “Биринчи жолу “Кумтөргө” жергиликтүү жогорку окуу жайлардын 150 бүтүрүүчүсү жиберилди”- деген аталыштагы маалыматка тиркелип чыккан.
Соцтармактардын колдонуучулары сүрөттөгү адамды мурдагы президент Курманбек Бакиевге окшоштурушуп, “Бакиев “Кумтөргө” жумушка кирип алганбы?”- деген пикирлерин жазышууда.
Азырынча расмий өкүлдөр тарабынан бул маалымат боюнча билдирүү жасала элек.
Бул маалымат туңгуч президент Аскар Акаев 16 жыл Москвада жашагандан кийин өз мекенине келип-кетип, ал тургай “Кумтөр” кени боюнча козголгон кылмыш ишине күбө катары көрсөтмө берип, бирок эч кандай камакка алынбастан, кичи мекени Кеминде көзү өтүп кеткен туугандарынын арбагына куран окутуп, андан кийин эски санаалаш, достору менен жолугуп, чайлашып, кайра учуп кеткенден кийин чоң кызыгууну жаратууда. Анткени К.Бакиевдин айрым колдоочулары эми бийлик аны да алып келиши керек экендигин каңкуулашууда. Бирок буга чейин, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы эгерде мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, ал дароо камакка алынарын билдирген. Мындан тышкары ошол 2010-жылы 7-апрелде балдары, туугандары каза болгондор эгер К.Бакиев чын эле келе турган болсо, анда каршылык көрсөтүшөрүн алдын ала айтышууда.
Эмнеси болсо да мурдагы президентке куюп койгондой окшош адамдын “Кумтөр” алтын кенинде пайда болуп калышы коомубуздагы талаш-тартыш маселеге жем таштагандай болуп, бүйүрдү кызытып койду.
Булак: “Майдан. kg” гезити