- Нарис мырза, Темир Сариевдин Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманованын жалган көрсөтмөсү аркылуу камакта отурам деген билдирүүсү тарады. Коомчулукта эки анжы ой пайда болуп, эл кимисине ишенээрин билбей калды. Сиз да "Кумтөр" маселесин көтөргөн, ал үчүн камалып чыккандардын бирисиз. Бул маселеде  чындык ким тарапта? 

- Темир Сариев Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманованын  жалган көрсөтмөсүнүн айынан камакта отурам дептир. Мен ачык айтып коёюн. Мен комиссиянын мүчөсү жана катышуучусу катары ал жердеги окуянын башынын аягана чейин көргөм. Кандай сөз болгонун, ошол кездеги бийлик кантип "Кумтөргө" адвокат болгондорунун баарын билем. Азыр тергөө иши бүтө элек. Ошондуктан, жактоочуларына, аны соцтармак аркылуу актоого аракет кылып жаткандарга айтат элем. Чындыгында, ошол кезде комиссиянын жетекчилиги чечкиндүүлүгүн көрсөтө алган эмес. Ошон үчүн бул маселе ошол мезгилде чечилбей калган. Азыркы күндө чечилип жатат. Азыр дагы бир жолу баса белгилеп айтып коёюн. Бул ишке чекит коюла элек. Соттун чечими чыга элек. Ошондуктан, күнөөсү жок болсо, соттон өзүнүн актыгын далилдеп алсын. Мен бардык жагдайды соттук ишке күбө катары өтүп жаткандыктан ачык айталбайм. Буюрса, соттун чечиминен кийин мен баарын ачыктоого даярмын. "Кумтөргө" ким кандай адвокат болгонунун баары ачыкка чыгат.

 

Булак: "Саясат. kg"