- Токон агай, Афганистандагы абалдан кийин бири талибдерден чочулоонун кажети жоктугун айтса, экинчиси террористтик уюмдар баш көтөрөөрүн, абал мындан ары башка нукка бурулаарын, Борбор Азияга башка улуттагы террористтер агылаарын айтышууда. Афганистандагы абал чын эле кошуналарга коркунуч жаратабы?
- Бүгүнкү Афганистандагы болуп жаткан саясий аскердик кырдаалга баа берип, анализ жүргүзгөндө эки жыйынтык чыгарсак болот. Биринчиси, азыркы мезгилде талибдер Борбор Азияга коркунуч алып келе албайт. Бирок келечекте бул кыймыл жана Афганистанда калыптанган саясий аскердик кырдаал, "Талибандын"* ички - тышкы саясаты Борбор Азияга жана анын ичинде Кыргызстанга да коркунуч алып келиши мүмкүн.
- Эмне үчүн бүгүнкү күнү Афганистандагы окуялар бийликке келген талибдер жана алардын куралдуу күчтөрү Орто Азияга коркунуч жаратпайт?
- Себеби, биринчиси булар бийликке келгенден кийин бийлигин түптөп бекемдеши керек. Экинчиси, ички жана тышкы саясатын аныкташы зарыл. Ошондой эле, социалдык – экономикалык маселелерин чечиш үчүн Афганистандын өнүгүүсү боюнча кандайдыр бир экономикалык программасы болушу керек. Үчүнчүсү, Афганистан көп улуттуу мамлекет болгондон кийин улуттар аралык биримдикти бекемдөөгө аракет кылып, афган элин, коомун бирдиктүү эл катары калыптандырууга болгон аракетин жумшашы шарт. Ошондой эле, талибдер эл аралык деңгээлде бийлигин мыйзамдаштырышы керек. Анткени, эл аралык уюмдар жок эле дегенде коңшу 10-15 мамлекет буларды таанышы керек. Алардын бийлигин тааныган мамлекеттер менен дипломатиялык жок эле дегенде соода жагынан карым - катнаш түзүүгө умтулушу зарыл. Кыскасы, булар ушундай маселелерин жолго салмайын Орто Азияга коркунуч жарата алышпайт. Дагы бир нерсени эске алыш керек. Коңшу мамлекеттерге куралчан кол салуу кандайдыр бир деңгээлде ресурстарды талап кылат: саясий, финансалык, техникалык ж.б.у.с. Азыркы учурда мандай ресурстар талибтерге аздык кылат.
- "Талибан"* деген бирдиктүү кыймылбы? Эгер бирдиктүү кыймыл болсо неге жаңы бийлигин тааныбайбыз деген талаа командирлери чыга баштады?
- Көптөр "Талибан" дегенде бирдиктүү кыймылдын бирдиктүү куралдуу күчтөрү бар дегендей ойлошот. Чынында андай эмес. Ар башка максаттагыларды “Кабулду алабыз, азыркы бийликти тактан кулатабыз” деген лозунгдар гана бириктирген. Алар “Кабулду алабыз” деген идеянын алдында ар кайсы агымдар биригип, максатына жетишти. Бирок мындан ары ким кызматка келет, ким байлыкка да, бийликке да жетет, ким четте калат деген карама-каршылыктар "Талибан" ичинде да, азыркы Кабулга келген бийликтин ичинде да карама-каршылыктарды жаратат.
200дөн 2000-3000ге чейин аскери бар айрым талаа командирлери бүгүнкү күндө “талиб болгонубуз менен көз карашыбыз башка, азыркы Кабул бийлигин тааныбайбыз” деп чыгышты. Булар “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей боло башташты. Тартипке баш ийбеген ээн баш командирлер, ээн баш күчтөр өз коктусун ойлобой, жалпы Афганистан мамлекетинин, афган элинин кызыкчылыгын ойлошу керек деген багытта дагы иш алып барышы керек. Мындын тышкары Афган вице-президенти А. Салех жана аскер командачысы Ахмад Мосуд талибдерге каршылык көрсөтөбүз деп чоң күчкө биригишти. Бул процесстер туура багытка бурулганча бир канча убакыт өтөт. Бирок канчалык элдин тилин таап, көйгөйлүү маселелерин ылдамыраак чечсе, ошончолук жакшы болот. Эл биригип, "Талибандын" ичиндеги күчтөр, улуттар бириккенден кийин сырт жакка көз арта башташы мүмкүн.
Бирок Борбор Азиядан мурун булар кызыккан дагы бир нерсе бар. "Талибандын" көп маселелеси Пакистан менен байланыштуу. Пакистан менен Индияда карама-каршылыктарды жараткан Кашмирде жердин жана башка ресурстар боюнча талаш маселеси бар. Мындайча айтканда, Кашмир көйгөйү Кавказдагы Карабак маселесиндей орчундуу маселелердин бири. Менин жеке пикиримде, булар Орто Азиядан мурун ошол жакка көңүл бурушат. Анткени, Пакистанда талибдерди Кашмир маселесине колдонсок, туура болот деген күчтөр бар. Ошон үчүн Орто Азияга азыр эмес кийинчерээк көңүл бурушса керек.
- Демек, Орто Азияны бутага албайт деген кепилдик жок экен да...
- Булардын Орто Азияга кол салып, Орто Азияда жайгашкан мамлекеттерге каршылыгын көрсөткөнгө, Россия менен Кытайга каршы турганга булар даярбы деген да маселе бар. Анткени, согуш деген оңой эмес. Согушуш үчүн акча керек. Ошондой эле адам ресурсу, курал - жарак ресурсу керек. Мындай ресурстар азырынча Афганистанда жок. Ошон үчүн бүгүн-эртең Ташкентке, Душанбеге, Бишкекке басып келбейт.
Айтмакчы, биз дагы бир нерсеге көңүл бурбай жатабыз. "Талибан" 1996-жылы бийликке келип, 2001-жылга чейин бийликте болгонун, эмне үчүн бийликтен ажырап калганын, эмне үчүн эл аралык коомчулук аларды кабыл албай койгонун жана Америка баштаган бир канча мамлекет биригип туруп, Американын талибдерге каршы соккусун колдогонун да эске алышыбыз керек. Анткени, булар мурдагы кетирген кемчиликтерди кайталабаганга аракет кылышат. Себеби, мурдагы жолуна түшсө, 3-4 жылдан кийин эле бийликтен ажырашаарын эске алышат.
Себеби, Кабулду басып алаарда булар күчтүү мамлекеттер бизди сүрүп чыгарып, кайра чилче таратпайбы деп ойлонушкан. Ошондой эле мурунку катачылыкты кайталасак, "Талибан" кыймылынын келечегине балта чабабыз, эң коркунучтуусу ислам дүйнөсүн өзүбүзгө каршы тургузуп алабыз деп кооптонушат. Анткени, булар бийликке ислам туусунун алдында келишти. Эми исламга шек келтирип, кайра талкаланып калбайбызбы деп кооптонушуп, Орто Азияга коркунуч жаратаардан мурун ички-тышкы маселелерин ойлошот.
- Баса, Американын таасиринен улам Афганистанда кырдаал курчуду деген пиикрдегилер да арбын. Алардын пикирине ынансак болобу?
- Афганистандын ушундай абалга келгенине, албетте, 20 жылдан бери таасирин тийгизип жаткан Америка, батыш мамлекеттеринин да салымы чоң. Башкача айтканда, триллиондогон долларды сарптап, эми ошонун баарын мамлекеттин өнүгүүсүнө, элдин жашоо - турмушунун оңдолуусуна жумшалбай, тескерисинче коррупционерлердин чөнтөктөрүнө кетип, афган элинин ит минип калганына Батыш мамлекеттердин да күнөөсү бар. Анткени, Америка жана аны колдогон мамлекеттер Афганистанга киргенде талибдерди жоготобуз, радикалдуу террорист, экстремисттерди жок кылабыз, мыйзамдуулукту орнотуп, элдин турмушун оңдойбуз, демократия орнотобуз, Афганистан мамлекетинин элинин келечегин кең кылабыз дешкен. Жыйынтыгында, баары тескери болуп, элдин турмушу начарлап, Афганистандын чиновниктери гана байып, коррупционер болушту.
- Афганистандагы абалды АКШ атайылап курчутуп, Борбор Азияга жана Россияга каршы колдонуп жатабы?
-Американын Афганистанда болгон 20 жылдыгынын жыйынтыгына баары күбө болду. Ошондуктан, Америка абалды курчутуп, ал кырдаалды Россия же Орто-Азияга каршы колдонгонго шайы деле келбей калды. Себеби, өздөрү Афганистандан шашып чыгып кеткени эл аралык деңгээлде терс көрүнүш катары кабылданып, терс пикирлерди жаратты. Азыр алар кырдаалды курчутмак турсун төгүлгөн аброюн калыбына келтирүүгө болгон аракетин жумшайт. Афганистанга жеке эле Америка эмес, Батыш Европа мамлекеттери, Түркия, Кытай, Россия, Индия, Пакистандын да кызыкчылыгы бар. Алар менен катар Орто Азиядагы мамлекеттер да биригип, Афганистанга көңүл буруп турушубуз керек. Колдон келсе Афган мамлекети менен элине жардам берип турушубуз керек. Кайсы гана мамлекетте болбосун эл деген эл. Азыркы учурда Афганистанда бийлик менен элдин ортосунда ажырым өтө чоң болуп турганда элди колдогонубуз туура. Ошондой эле гуманитардык жардам беребиз деп Тышкы иштер министрлиги жарыялаганы да туура болду. 500 студентти окутуп беребиз дегени да колдоого алчу иш. Анткени, Афганистан Борбор Азиянын очогу экенин унутпашыбыз керек. Афганистанда абал курчуса, Борбор Азияда абал курчуйт. Ошон үчүн Афганистанда стабилдүүлүк болушуна кызыкдар болуп, стабилдүүлүк орношуна салым кошушубуз керек. Ошон үчүн көз кырыбызды салып, ал жактагы процесстерди көзөмөлгө алып турушубуз зарыл.
- Эл арасында Афганистандагылар Пакистан аркылуу Кыргызстанга келип жатат деген маалыматтар айтыла баштады. Буга кандай жооп кайтарасыз?
- Жакында эле Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, биз бир нече мамлекетке биздин аэропорт аркылуу өз мекенине кайтып барышына шарт түзүп бердик деди. Пакистан мамлекетине да ошондой мүмкүнчүлүк берердин алдында ТИМ да ойлонду болуш керек. Бирок, кичине шашып кеткендей. Анткени, Афганистанда абал курчуп, качкындар көбөйүп жатса, бир да мамлекет качкындарды түздөн түз текшербей туруп кабыл албайт. Ошондой эле бир топ мамлекеттер өз өлкөсү аркылуу өткөрүүгө уруксат беришкен эмес. Кыргызстан болсо биз кабыл алып, вакцина сайып, көзөмөлгө алабыз. Эки дем алыштан кийин же бир нече убакыттан кийин түз учуп кетишиңер зарыл деп. Ага чейин эч жакка чыкпай фильтрационный лагерде болосун дегенге көнүшсө болмок. Өкүнүчтүүсү алар Кыргызстанга келип алышып, фильтрационный лагерде, врачтардын көзөмөлүндө болбой, ПЦР анализ тапшырбай көчөдө жүрүшөт. Буларды медицина, укук коргоо жагынан биздин өкмөт көзөмөлгө алып, туура нукка салышы керек.
*Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл
Чынайым Кутманалиева, Булак: "Саясат. kg"