Тажикстандын азыркы афган окуяларына тиешеси жана катышындагы биз үчүн маанилүү жана көз салып туруучу жагдайлар бар. Бул тууралуу экс - дипломат Азат Эркебаев билдирди. Айтымында, төрт маселеде кылдаттыкты сакташ керек.
- Биринчиден, Афганистандын Herat Times булагына таянсак, биринчи жолу Тажикстандан Афгандын Панджшер өрөөнүнө аба аркылуу талибтерге каршы күчтөргө курал-жарак, ок-даары жана аскердик шаймандар жеткизилди.
Экинчиден, жакын арада Тажикстандын Хатлон областы (Э.Рахмондун кичи мекени), Куляб шаарынан 1850 адамдын тажикбашы Рахмонго кайрылуусу чыкты. Кайрылууда 1850 өздөрү куралданган адам, тажик тектүү Ахмад Масуд жана Нурмухаммад Атта баштаган талибдерге каршы күчтөргө кошулуп согушууга руксат сураган. (Сүрөттө карасаң түрлөрү Баткендеги жаңжалга катышты делген куралчан жарандардай эле).
Үчүнчүдөн, Панджшердеги баш ийбеген күчтөргө каршы операцияга Талибан кыймылы өздөрүнүн согушкерлеринин башчылыгына Тажикстандан чыккан Кари Фасихуддинди (тажик армиясынын мурдакы ага лейтенанты Фасхуддинов) коюшту.
Төртүнчүдөң, Куляб шаарынын аэропортуна Түркиянын 4 Airbus A400М аскердик-транспорттук учагы жоокерлери менен конду. Оруссиянын 201 аскер базасынын аймагында убактылуу жайгаштырылган тажик коргоо министрлигинин 13483 аскер бөлүгүндө ошол Түркия жоокерлеринин ыктымал муктаждыгы үчүн жер бошотулду деген маалымат айтылат, - деди Азат Эркебаев.