Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1897

Журналист Санрабия Кубанычбекова соцтармактагы баракчасына Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосуна от жагууга аракеттенген тараптар тууралуу билдирүү калтырды.

- Туура бир жыл мурун бүгүнкү Президентке азыр жердеш, акылчы, колдоочу, коргоочу, багыттоочу, күйүүчү болуп жаткандардын дээрлик баары Садыр Жапаровду теңине алмак бул жакта турсун, Жапаров жөнүндө ооз ачышпайт болчу. Дал ошол учурда "Садыр Жапаров абактан чыгат. Ал сөзсүз эл кызматында болот" деп элдин мээсине сиңирип жүргөн Камчыбек Ташиев болгон.

Экөөнүн элге кызматы, мамлекетке пайдасы же зыяны башка тема. Өздөрү айтмакчы оң ишине да, терс ишине да өздөрү жооп берчү күн болот. Сөзсүз.

Бирок көктөн түшө калгансып, Жапаровго жан тартымыш этип, экөөнүн ортосуна бүлүк салып же Ташиевди келекелеп, таба кылгандар, кечээ кайда элеңер? Ташиев Жапаровдун ар бир кыйын күнүндө жанында турду. А силерчи?

Ооба, Ташиев өтө ачык. Болгонун болгондой айтат. Кемчиликтери бар. Балким, толтура. Бирок, Ташиев ошондой болушуна биз, жалпыбыз түртүп жатпайбызбы? Тигини кама, түкүнчөнү кара, паланча мыйзамсыз иштеген. Элге айт. Эмне жасалды? Маалымат бер! Баары Силердин талабыңар эмеспи?

Мунун баарына Ташиевдин эрки жетпегенде, башкалар "сылык-сыпаалык" менен жүрө бермек. Коррупцияга каршы күрөшүп, бир топ күчтөргө, ак-каранын баарына жаман көрүнүп, өзүнө кооптуулук жараткандан кийин, аткарылган иштин авторун алмаштырганы жасаган аракеттер "жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска" дегендей болуп жүрбөсүн. Ташиев куласа, Жапаров анын алдында кулайт...

Акылдуу жандардын жазгандарынан сөз астында сөз турганы, мээси бир аз иштеген адамга белгилүү эле болуп турат... Деги абайласак... Баарыбыз Кыргызбыз. Баарыбызга тынчтык керек!