Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 467

“Элим үчүн жаным курман!” деп кыйкырып түз эфирге чыга берсе эле ойлобогула “ии бизди ойлогон азамат!” экен деп! Ооба, бар, арасында бирин, экин, чыныгы күйүп, калыс карап, калыс кыйкыргандар...

Алар жөнүндө да жазам жакында... Бүгүнкү кеп калп кыйкырыктарда... Бирок... булардын көшөгөнүн артынан кылган кылыктарын угуп, көрүп жүрөгүм айланды...

Активист болбой куруп калгыла! Жашабагырлар, жашабай жатып ушунча бет кап кийип алышыптыр, элүгө таяганда өздөрүнүн чыныгы жүзүн өздөрү таппай калчудай экен! Аттарын атабайм! Активист болумуш эткен бир азаматыбыз, Президентибизге салам дубай жолдоптур мен тааныган эле бир агай аркылуу...

“Бизнесим күйүп кетип карызга баттым, ошол карызымды жаап берсин, анан жаңы бизнес баштаганга акча берсин, болбосо кыйкырып чыга берем! Элди көтөрөм, колумдан келет! Кыскасы, тынч гана менин талабымды аткарсын дагы, менден кутулсун” дептир...

Ой, бооруңду жегир, чечек!!!

Бизнестен мен дагы күйдүм, пандемия, карантин, окутуу борборум иштеп иштебей айламды алты кетирди! Сызга отуруп калсам да кыз башым менен, сабиз кымбат, чөп кымбат деп түз эфирге чыккан жокмун айкырып...

Убактылуу бир эле мен эмес жалпы эл, керек болсо дүйнө алсырап турган апаатка чыдайын деп унаамды сатып, арзанын миндим... Банктан насыя алып башка бизнести кошумча аркалап, колумдан келген аракетимди жасап жан багып отурам!

“Какаганга муштаган, кылып Садыр Жапаров мен сизди колдогом, азыр колдобойм, анткени чөп кымбат, бензин кымбат, өлдүк, куурадык!” деп айкырып чыксам болот беле?!

Акыл калчап иш кылалычы!!!

Айтылуу чечен, тилинен чаң чыккан кызыбыз бар, алдынкы эрини менен көктү шыпырат, үстүнкү эрини менен жер шыпырат!

Маскөөнүн болгон банктарынан насыяны баса жыйнап, эми төлөп бере албай, бир боор энебизден башка жакка качканы калыптыр... Эми жөн эле качпай түз эфирге чыга калып бул жакты дүрбөтүп “мени депорт кылганы жатат” деп калпты ышкыртып сөздү таптап, таптап, бирине бирин кынап гана сүйлөп койду... Жарашып калды, калпы чындыка окшошуп калды, анча мынчабыз ишенип калдык... Бул билдирүүнүн артында Америкага качуу үчүн упай топтоо... Америкага же башка өлкөгө качат дагы “Мен саясий куугунтуктамын!” деген статус сурайт... Анын ал максатын көбүбүз түшүнбөй эле, кайра эле баягы президентке бир тийдик!!!

Ээх... Келечек жаштардыкы десек... Жаштарыбыз карт бөрүлөрдөн ашкан бөлтүрүк болуптур го... Келечек жаштардыкы, бирок таза чыныгы патриот жаштардыкы!!!

Азыр бизде, соцбаракчаларда КАЛП менен ЧЫНДЫК жуурулушуп калды... Аяр бололу... ар бир ажылдакка ишене бербейли...

PS: Бул постумдун уландысын сөзсүз ачыктап факты коюп аты - жөндөрү менен тактап жазам... Сабыр кылып турайын, азыр жазбайын деп чыдап отурсам, болоор эмес... ишенчээктер тиги чечектерди ээрчип бараткансыйт...

Бактыгүл Иманбек кызы