Белгилүү жазуучу, киноишмер, “легендарлуу” парламенттин депутаты Мар Байжиев менен көзмө-көз маек

Кабарчы: - Урматтуу Мар-ага, кыргыз элинде “Карынын сөзүн капка  сал”,- деген насаат бар эле. Өкмөттүн курамы, Борбор шаарыбыздын жаңы жетекчилерине кандай насаат айтасыз?

М.Байжиев: - “Карынын сөзүн капка сал!”- деген кыргыз элинин буйругу акыркы жылдары куру сөз болуп калды, бийлик, байлык талашкандар өздөрүн да, элди да кыянатка учуратты. Аскар Акаев мансапкорлордун  тилине кирип “легендарный парламентти” таратып , акылман аксакалдардан, кайраттуу чоролордон ажырады, бийликке жулунгандар көбөйдү. 2005-жылы Акаевди Ак үйдөн кетиришти.

- Аскар Акаевдин президенттикке шайланганы жөнүндө ар кандай маалымат айтылып жүрөт. Чынында кандай болду эле?

- Шайлоо алдында Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары чогулуп: “Президенттикке КПССтын өкүлү шайланса, баягы эле “бабушканын таягы” болот”,- деп Чынгыз Айтматовдун макулдугун сурасак, ал киши академик А.Акаевди сунуштады.

Акаевди Москвадан чакыртып алып көндүрдүк. Президент болуу оюнда да жок экен. “Мындай жоопкерчиликти аткара аламбы?”- деп чочулады. “Он эки жаштагы Манас ажо болгондо, жанында Бакай, Кошой, Акбалта деген акылман аксакалдар, Чубак, Сыргак сыяктуу баатыр чоролору болгон”,- деп көндүрдүк.

Жогорку Кеңештин шайлоосунда КПССтын өкүлүн Аскар Акаев жети добуш менен жеңди. Биринчи жылдары Аскар Акаев мамлекеттик маселелер боюнча биз менен кеӊешип турду. Жогорку Кеӊеш таратылганда Ажого акыл-насаат айткан бир да аксакал болгон жок. Жанындагы “Тазбаймат”, “Бокмурундар” упай ойноп, мамлекеттин мал-мүлкүн канталамайга салышты. Көкө-Теӊир кыргыз элине энчилеп берген алтындуу “Кумтөрдү” канадалык келгиндерге уттурушту....

- Аскар Акаев Кыргызстанга келип, кетирген каталарын мойнуна алып, элден кечирим сурабадыбы!

- Туура кылды! Бирок бул сөзүн өгүз өлө электе, араба сына электе, президенттик мөөнөтү бүтө электе айтса, бардыгы башкача болмок. Ал тургай эгемендүү Кыргызстандын биринчи президентине арналган стелланы эски аянтка орнотууну архитекторлор менен даярдаганбыз.

Бул маселелер боюнча Осмонакун Ибраев менен 23-мартта Акаев менен кездешмекпиз.

Ал күнү чычкан аңдыган мышыктай болуп телефонду күтүп отурдум... Чакырган жок. Эртеси 24-мартта ажобузду тактыдан кулатышты...  

- Кийинки Президент Курманбек Бакиев аксакалдар менен кеңештиби?

- Шайлоо алдында Бакиевдин жактоочулары менен кезиктик. “Бийлик талашып, түндүк - түштүккө бөлүнбөй мамлекеттик бийликке татыктуу инсанды шайлайлы”- дедик. Түштүктөн Курманбек Бакиевди президентикке, түндүктөн премьер-министирликке Феликс Куловду сунуштадык. “Бакиев-Кулов тандеми”,-  деген үгүт пайда болду. Тандем - эки киши биригип тепкен велосипед. Түрмөдөн Феликсти чыгарып келишти.... Шайлоодо “Тандем” чоң жеңишке жетти. Биринчи жылдары тандемчилер өнөктөшүп жакшы иштеди. Бирок кийин К.Бакиев саясий партиялардын тилине кирип Куловду тандемден түшүрүп, велосипедди өзү тээп калды. Коомчулукта барган сайын нааразычылык күчөдү.

Илим-билим, айыл чарба, энергетика, экономика жана башка чарбачылыктын тажрыйбалуу аксакалдары чогулуп президентке бардык. К.Бакиев жакшы кабыл алды. “Слово аксакалов - золото”, “Акыл аксакалдарда” деген макалалар сүрөттөрүбүз менен газеталарга жарыяланды.

Аксакал кеңешин түзүү боюнча Указ даярдалды. Бирок Указ чыккан жок.

К.Бакиевдин президенттик мөөнөтү кызыл - кыргын, кара - сүргүн менен бүттү... Бийликке Алмазбек Атамбаев келгенде, мурдагы президенттердин каталарын кайталабасын деп, аксакалдар кеңешинин тизмесин Фарид Ниязовго тапшырдык. Президент карылардын сөзүн  кабыл албады....

Экөө тең зынданга түштү...

- Сооронбай Жээнбеков менен жолуктуңузбу?

- 2020-жылы 17-сентябрьда “Азия News” газетасына “Аксакалдан алгы кеп” деген рубрика менен “Кандуу желектин ортосунда, күйүп турган түндүк жакшылыктын белгиси эмес!”.  “Түндүгүң өртөнсүн!”  деген каргыш бар”, - деген макала менен Сооронбай Шариповичке кайрылдым. “Азыркы шарт мурункудан да татаал... Баягы эле бийлик талашкан партиялар добушту акчага сатмай, ушакчы катындардай бири-бирин жамандайт... Шайлоо өтпөй калса, күнөөнүн баары Сизге жүктөлөт. Эл журтубузду дагы кыянатка учуратпай, шайлоону эки-үч айга жылдырыш керек. Конституцияны эл менен терең талкуулап, 1993-жылкы Башмыйзамдын негизинде жаңы Конституция түзүү зарыл. В.Путинден үлгү алып, мамлекетке президенттик башкаруу киргизиш керек. Мамлекет башчылыгына да, аткаруу бийлигине да жоопкерчилик бир колдоо болбосо, баягы эле чаржайыт башталат.... Шайлоодо добушту жашыруун эмес, ачык-айкын бериш керек. Конституция боюнча Кыргыз Республикасынын жараны өз оюн, пикирин ачык айтууга укуктуу. Анда эмне үчүн шайлоого келген жаран өзүнүн пикирин паранжага жашынып айтат? Добуш берүү жашыруун эмес, ачык болсо, көп кыянаттан, чыгымдардан кутулабыз”, - дегем.

Карынын сөзү капка салынбады...

13-октябрда бардыгы мен айткандай болду...

Кыргызстанды жаңы президент Садыр Жапаров башкаруу, аткаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алганы - чоң жетишкендик. Бирок саясий партиялык система, жашыруун добуш берүү өзгөртүлгөн жок. Мындан кутулмайынча, республикабызда саясий чыр-чатак тынчыбайт.

Мен айткандай эле, быйыл жергиликтүү депутаттарды шайлоо да чыр-чатак менен бүтпөдүбү!

- Бишкек шаарынын жаңы шайланган депутаттарына кандай насаатыңыз бар?

- Борбор шаарыбыздын депутатарына талапкерлер “Бишкекти коррупциядан арылтабыз, меймандарды, туристтерди кызыктырып, эстеликтерди, музейлерди, аянттарды, көчөлөрдү көркүнө келтиребиз”,- деген убадаларын беришти...

Мэрлер соттолуп, айдалып, түрмөгө түшкөнү өтө өкүнүчтүү.

Эл айткандай, “мэр эмес эле бер?”- болуп калбадыбы

Мэр - латын тилинде - улуу, башкаруу деген эле сөз. Буга өзүбүздүн мамлекеттик тилибиз жетпей калды беле!?

Борбор шаарыбыздын кебете-кешпирин кооздоп, көркөмдөтүү зарыл. Малекеттик аянттын так ортосунда кылычын көтөргөн Манастын айкели турат. Мурда бул жерде түндүгүн көтөргөн аял бар болчу.

“Түндүгүңдү өзүң көтөрүп кал!” деген каргыш бар”,- деп араң алдырдык. Кийин бул айкелди Баткенге орнотуптур. Бүгүн ал жерде жетим-жесирлер өрттөлгөн түндүктөрүн көтөрүп жатышат...

- Ал эми, Манастын айкелинде өзүнүн эл-жерине кылыч менен келгени кандай?!

- “Кылыч менен келген, кылычтан курман болот”, - дептир Иса Пайгамбар.

Айкелдин жанына барсаң, Манастын өңүнө көзүң жетпейт. Миңген аты бычылбаган айгыр экенин гана көрөсүң. Манастын сүрдүү айкели Алайдын чек арасына орнотулса айбатуу да, манилүү да болмок.

Ооганстандын тажик ханы Шорук Алайга кол салып келгенде, Манас талкалайт. Шорук хан алдынан чыгып:

Арстан Манас, баламсың,

Кечиримдүү адамсың!

Кечирим сурап жалындым,

Алжыганда жаңылдым,- деп, жалгыз кызы Акылай менен отуз сулуу кызды тартуулайт. Кыргыз, тажик кудалашып, чоң той болот.

Манастын сүйгөн жары “Ургаачынын паашасы, кең этектин тазасы”, идеалдуу  Каныкей да тажик кызы болгон.

 “Кыйба (Хива) деген жер экен,

Кеңири тажик эл экен”, - деп кудалашып. Бухарадан келгенде Манастын атасы Жакып.

Коңшу кыргыз, тажик эли эзелтен бери достошуп, кудалашып, туугандашып  жашаган...

2008-жылы Бишкектин жетекчилери Мамлекттик аянтка Манастын чоролорун, Ак-Куласын атып өлтүргөн жалданма мерген Шылшайдардын айкелин орнотушту. Бул каргыштуу эстеликти да араңдан алдырдык. 2010-жылы 7-апрелде так ушу жерде Ак – үйдүн жалданма снайпери кыргыз элин, 90 уулун атып өлтүрбөдүбү! Кан төгүлгөн аянтта канга боёлгон, түндүгү өрттөнгөн кызыл туу желбиреп турду... О, Кудая тобо!

- 1992-жылы Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну кабыл алганда, Сиз катыштыныз беле?

- Катышкам. Мамлекеттик символдор боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болчумун.

Конкурска катышкан сүрөтчүлөрдү чогултуп, мамлекеттик туунун маанисин түшүндүрүп, түндүктү кыргыз элинин ыйык символу катары сунуштагам. “Көкө Теңирге сыйынган кыргыз баласы түндүктөн көгөргөн асманды көргөн, жаркыраган кут жылдыздан жакшылык күткөн”,- деп үгүттөгөм     

Конкурста ортосунда түндүгү, кут жылдызы бар асмандай көгүлтүр желек, ортосунда балбылдап күйүп турган түндүгү бар кызыл желек талкууланды .

“Манастын туусу да, СССРдин туусу да кызыл болгон”,- деп кызыл тууну жактырган депутаттар болду. “Кызыл туу кандуу согуштун, кайгы-капанын белгиси болгон. “Көк асаба кызыл туу, айгайлаган чуру-чуу” менен Манас Чоң казатка чыгып, курман болуп, эгемендүү каганаты кулаган. Манас каза болгондо:

Кызыл кырчын кыз балдар,

Кызылдан кара кийишип,

Кыркка чыккан катындар

Карадан кара кийишип,

Чуркурап кемпир-чал ыйлап,

Жетим калган бала ыйлап, -

- дейт манасчы Саякбай Каралаев.

“Бурчунда орок-балкасы бар кызыл туу менен капитализмге согуш жарыялган социализм кулады”,- деп түшүндүрсөм, бир топ депутаттар кол чапты. Жашыруун добушка койгондо кызылдар жеңип кетти....

Өрттөнгөн түндүктүү, кан түстүү желек чынында эле жакшылыктын белгиси болгон жок. Канча жолу кан төгүлдү, канча түндүк өрттөндү. Роза Отунбаева мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча комиссия түздү, конкурс жарыяланды. Конкурска түшкөн кут жылдыздуу түндүгү бар, асмандай көгүлтүр желекти кызыл туунун авторлору да жактырды. Жогорку Кеңештин талкуусуна коёрдо, жаңы шайланган Алмаз Атамбаев комиссияны таратты.

Кансыраган желектин алдына Ак үйдөн кара күчтөрдү түртүп чыгарган айкел орнотулду.

Өткөн отуз жылда Ак үйдөн 4 президентти, отуздан ашык өкмөт курамын, Жогорку Кеңештин депутаттарын түртүп чыгарышты. “Кто следующий?!” Бул эстелик мамлекеттеги туруксуздуулуктун белгиси болду! А.Атамбаевдин президенттиик мөөнөтү да жакшылык менен бүткөн жок. Жашаган конушунда кан төгүлдү, түндүгү түштү, өзүн түрмөгө түртүп салышты.

Баягы эле кандуу желектин каргышы тийди окшойт...

Дагы бир келишпеген көрүнүш: “Кетсин! Жоголсун!” – деп бакырып, атышып, кан төгүлүп жаткан аянттын четинде Чынгыз Айтматов рахаттанып сейилдеп жүрөт...

Ушул эле аянттын бери жагына коюлган Сүймөнкул Чокморовдун бой-келбетине келишпеген, шалбыраган шым кийген эстеликти да араңдан зорго алдырдык...  

Жакында Борбор аянттын жанына Бишкек - деген ат менен  олбурлуу адамдын айкели коюлду.

Бишкек  кымыз ачыткан таякпы, же адамдын атыбы? Адамдын аты болсо, Биш-бекпи же  Биш-кекпи?  Бек - эл башкаруучу, туруктуу деген түшүнүк. Кек - ыза болуп, бирөөгө болгон кастык кара мүртөз  сөздү кыргыздар баланын атына эч качан кошкон эмес. Анткени кыргыз эли кекчил эмес, кечиримдүү болгон.

- Кырааным, менин сөзүм тут.

Кытай деген калыӊ журт.

Багынып келди акыры

Кытайдын хан, баатыры!

Кечирим сурап келгенди,

Кырып ийсек не болот? – дейт акылман Бакай.

“Туура келди Манаска Бакайдын айткан акылы”,- дейт манасчы Сагынбай Орозбаков.

Чүй өрөөнүндөгү чоӊ конуштар Кара-балта, Сокулук, Токмок – деп үй тиричиликтери менен аталган. Менин оюмча Бишкек деле адамдын аты эмес, кымыз ачыткан таяк болуш керек.

- Фрунзени Бишкекке которуп жатканда Сиздин оюӊуз кандай эле?

- Борбор шаарыбызга Байтик-баатырдын ысмы коюлсун дегендерге кошулгам, солто элинин баатыры 1862-жылы баскынчы Рахматулланы талкалап, Чуй өрөөнүн Россияга кошуп, эл-журтун Кокон хандыгынын зомбучулугунан куткарган. Жашыруун добушта кымызчылар жеӊип кетти. Андан кийин Байтик баатырдын мүрзөсүнө, жайлоосуна барган жолду, көчө жетпей калгансып, Манаска, Чынгыз Айтматовго бөлүп беришти. Чүй проспектисин Айтматовго, Жибек жолун Манаска арнасак болбойт беле!? Чүй - монгол тилинде - суу, проспект - латын тилинде - түз көчө. Жибек жолу менен байыркы заманда көпөстөр, алып сатарлар жибек, чай, апийим, анаша, момпосуй сатып келишкен.

- Мар Ташимович, Сиздин кызыл желек Бишкек жөнүндө айткандарыӊыз өтө түшүнүктүү, орчундуу болгон экен. Бирок ишке ашпаганы кандай?

- Муну мен кийин түшүндүм. Көрсө, силер какшыктаган “легендарный” парламентте жашшыруун трайбализм бар экен да! Кызыл желектин авторлорун Жогорку Кеӊештеги ака-үкөлөрү колдонуптур, борборубузга ат коюп жатканда, менин бир жердешим: “Эмне үчүн Кыргызстандын борбору солтолордун ханы аталыш керек?”- деп шыбырады.

- Жаӊы шайланган жергиликтүү депутаттар борбор шаарыбыздын көркүн көтөрүп, жаӊылатып меймандарды, туристерди кызыктырабыз, деп убадалашкан. Буга сиздин кандай сунуштарыңыз бар?

- Болочок депутаттар өтө орчундуу маселе көтөрүшкөн. Борбор шаарыбызда, айрыкча мамлекеттик аянтыбызга коюлган эстеликтер чаржайыт, мааниси түшүнүксүз, көркөмдүгү жетишсиз. Бирок бул милдетти аткарыш үчүн шаардык депутаттардын укугу жетишсиз. Бул максаттарды президенттибиз Садыр Жапаров, Өкмөт менен, Жогорку кеӊеш менен макулдашып ишке ашырыш керек.  “Баарын мындай таштайлы, Чоӊ казаттан баштайлы”,- дегендей, адегенде кара жолтой кызыл желектен кутулуп, кут жылдыздуу түндүгү бар, ачык асмандай көгүлтүр тууну кабы алыш керек. Ак үйдөн кара күчтөрдү түртүп жаткан  шылдыӊдуу эстеликти алдырыш керек. Тарых музейдин алдында Манастын элестүү айкели туруш керек.

- Сиздин элесиңизде кандай болуш керек?

- Менин элесимде: Манас аттан түшүп, башын ийип турган Ак-Куласынын жалын кармап, айкөл баатырдыгы менен кыргыз эли эгемендүү мамлекет түзгөнүнө кубанып  турса! Ва-ай!

Аянтка сейилдеп келген Чыӊгыз Айтматовдун эстелигин, өзүнүн атындагы Орус драмтеатрынын  алдындагы граждандык согушта өз элине ок аткан кара замбиректин ордуна коюлса өтө жарашыктуу болот.

Сүймөнкул Чокморовдун көркөмдүү эстелигин “Октябрь” кинотеатрынын оӊ жагындагы аянтка коюш керек деп киночулар мэрияга өтүнүч  жибергенбиз.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын алдында отурган Аалы Токомбаевдин эстелигин өзүнүн көчөсүнө көчүрүп, Чолпонбек Базарбаевдин пивнушканы карап турган эстелигин анын ордуна орнотсо өтө көркөмдүү болот.

Опера-балет театрынын жанына Абдылас Малдыбаевдин эстелигин коюп, ал жердеги Токтогулду өзүнүн аты коюлган филармониянын аянтына көчүрүш керек.

Ал жердеги кылычын которуп душмандарга каршы чыккан Манастын айкелин “Манас” аэропортуна жайгаштырса маанилүү болмок. Самолеттон түшкөндөр кимдин жайытына конгонун билишсин да!

Кыргыз элинин атактуу баатыры Ормон хандын айкели шаар четиндеги микрорайондо турганы ылайыксыз. Кыргыздарга кол салып келген баурдашыбыз Кененсарыны талкалаган Ормон хандын айкелин Капчыгайга кире бериш жерге орнотуп, ушул эле жерде Россия менен достошуп Кыргызстанды баскынчылардан сактап калган Атаке-баатырдын, Ормон-хандын, Шабдан баатырдын музейи ачылса туура болмок.

Эркиндик бульварынын башатында айгыр минген В.М.Фрунзенин айкелинин орду Байтик -баатырдын эстелегине өтө ылайыктуу.

М.В.Фрунзенин музейинин имаратына кыргыз элинин ооз-эки чыгармачылыгынын,  “Манас” дастанынынын, кенже эпостордун музейин ачыш керек. Бүткүл дүйнөгө белгилүү фольклор,элдик эпостор кыргыз элинин кенже эпосторуна,  “Манаска” тендеше да албайт. 

1995-жылы “Манас” эпосунун миң жылдык маарекесине арнап К.Баялинов атындагы китепканага белгилүү манасчылардын, кенже эпостордун сүрөттөрүн тарттырып жайгаштыргам.

“Манас” музейине ошол сүрөттөрдү, Сталиндин доорунда эркинен ажырап атууга кеткен эл агартуучулар Ишенаалы Арабаев , Касым Тыныстанов, Евгений Поливанов, Токчоро Жолдошов, Ташым Байджиев, Зияш Бектенов жана башка белгилүү адабиятчы фольклористтердин эмгектерин, Илимдер академиясынын фондусундагы кол жазмаларды эл журтка, жаш муундарга көрсөтүш керек. Меймандар, туристтер кыргыз элинин чыгармачыл талантына суктансын.       

- Михаил Фрунзенин эстелиги коюлбаш керекпи?

- Михаил Фрунзе кыргыз жергесинде төрөлгөн. Граждандык согуштун баатыры. Ал эми кыргыз элине кандай жакшылык кылган? Ал согушта бийлик талашып, эл-журтту кырган пулемоттор, дат баскан мылтыктар, Фрунзенин эски кийимдери илинип турат. Аныкы экенин да кудай билет. Мындай көргөзмөнүн мааниси эмнеде?

- Эркиндик бульварынын аягына Курманжан датканын эсстелиги орнотулганы туурабы?

- Эӊ туура!  Джерзинский атындагы бульварды Эркиндик бульварына өзгөрткөндө, анын эстелигин алдыртканбыз. Эми бул жерде Зар замандын, кыргыз элинин, кайгысын тарткан Курманжан энебиздин эстелиги турганы өтө маанилүү!

Бирок, менин оюмча бул айкелдин көркөмдүгү жетишсиз. Курманжан-датка жаш кезинде өтө ырайымуу, бой келбетүү болгон. Алымбек датка күйөөдөн чыгып келген келинди бир көргөндө жактырып, аялдыкка алат. Бул жерге Курманжан датканын жаш кезиндеги төмөндөкүдөй сыяктуу эстелиги коюлса, көргөндөр аргасыздан кыргыз элинин залкар кызынын  ырайымдуулугуна, энелик мээримине суктанып таазим кылаар эле.

Булак: “Майдан. kg” гезити