- Мамлекеттик система тазаланбаса, коррупция токтобосо элдин халифат курууга болгон ниети күчөй баштайбы?

- Мен бул суроого акыркы 10 жылдан бери эле жооп берип келе жатам. Балакеттин баары Алмазбек Атамбаевден башталды. Ал мени кечирип койсун, мамлекеттик кызматты өзүнүн жеке фирмасындай көрүп, ойду-тоону сүйлөп, чартаңбай тээп жыргады. Өмүрүндө калемсап кармабаган макулуктар жооптуу мамлекеттик кызматка келишти. Мисалы, билим берүү министри кылып өзүнө жана кошомат кылышкан же  жакын турган адамдарына "жаккан" эки кызды дайындап койду эле, алар каалашынча тайраңдап бийлешип, системаны акырына чейин талкалашып  "после меня хоть потоп" деп кетип калышты! Эми дагы дымып отурушат. Балким дагы бир майлуу кызматты бере коюшар бекен деп! Людовик XIV байкуш жаткан жеринен он жолу оодарылып кетти окшойт! Мен муну бир аз тамаша же такмаза аралаштырып айтып койдум. Бирок  бул чындык жана бүгүнкү күндөгү ачуу кыйкырык! Анан карапайым эл эмне кылат? Кимге ишенет? Саясий системабыз чирип калганын көрүп турат да! Ошондуктан, кечээги афган талибдеринин согуштук ийгиликтерин көрүп ойлонуп атат! Аларда дагы АКШнын малайы болгон президент Ашраф Гани 2014-жылдан бери элди каалагандай эзип, бир туугандары, аялы болуп коррупцияга малынып алышкан да! Кризис башталганда акчаларын жүктөп алып качып кетти! Эми талибдер оңой эле бийликке келишти дагы, эмират куруп алышты! Ушундай абал бизде Кыргызстанда кайталанбаса экен деп Кудайдан тилеп отурам. Бийлик менен элдин ортосундагы ажырым бизде дагы күч ала баштагандай! Анда албетте, экстремисттик маанайга белчесинен батып алган, азырынча уктамыш болуп жаткан жарандарыбыздын бир бөлүгү тура калып "Халифат керек!"-деп чыга калыштары мүмкүн! Андай чакырыкка эффективдүү чара көрө турган, превентивдик аракеттерди деле көрбөй турам! Уктаган бойдон эле калдык!

- Халифат курууну көздөгөндөр террористтик уюмдун мүчөлөрүбү?

- Алар исламдан айланып кетишсин! Элди караңгылыкка бөлөй турган саясатты акыркы он жылдагы президенттерибиз катуу жүргүзүп келишти! Алардын максаттары эптеп эле бийликти жана байлыкты кармоо болду! Эми алардын ит саясатынын "жемишин" көрүп баштадык! Алар сепкен "зыяндуу үрөн" тамырлап, жайылды дагы  башкаруудан чыгып кетип кыргыз элин биротоло бийлеп кирди! Ушундай кырдаалга кептелген кээ бир макулуктар террористтик жолго оңой эле түшүп кетишет да? Афганистандан келип жаткан экстремисттер биздин "кайберендерге" жаңы дымак берип, "бикфорд шнурунун" ролун ойноп коюсу турган эле иш болуп калды! Аттиң гана дейсиң да! Кана кечээги эле билимдүү кыргыз коому? Эмне мынчалык түркөй болуп, феодализмге кулап бара жатабыз? Албетте Акаев баштаган, анан кийинкилери "ийгиликтүү" уланткан соргок президенттердин кылмыштуу саясаттары  күнөөлүү!

- Эгер мамлекет иштеп, коррупцияны жойбосо, адилеттүү башкаруу болбосо элдер радикалдаша баштайбы?

- Ооба. Ошондой болуп бара жатат! Элге ишеним берип алдыга жетелей турган патриоттук кадамдар мокоп, эки буттан тең тушалып  турат. Дагы баягы жаман адат өкүм сүрүүдө. Колго тийген бийликтен пайдаланып калмай! Президент Садыр Жапаровго колдон буттан алып колдогондун ордуна, кээ бир соргок жана ач көз жакындары байып алуунун камын көрө башташты! Күйүп гана кетесиң да! Президент бир катуу силкинип, ошол арамдарды үстүнөн күүп салса жакшы болот эле. Эл президентке ишенип эч кандай "халифаты" жок эле айкөл Манастын осуяты менен татыктуу  жашап кетмек! Эми президентке кайрат каалап, жакшылыктан үмүт этип, күдөрүбүздү үзбөй күтүп туралычы! Убакыт көрсөтөт!

Булак: "Саясат. kg"