Калдарбек Койлубайтегин Фарид Ниязовдун билдирүүсү тууралуу пикирин "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди.
- Калдарбек агай, Фарид Ниязов "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча пикирин билдирип, өзүнө тагылып жаткан айыпты “негизсиз жана укуктук жактан сабатсыз” деп, куугунтуктун уландысы экенин айтты. Анын айтканында чындык барбы?
- Биринчиден, минтип айтууга ушул эки жүздүү чала саясатчынын, кубулма адамдын акысы жок. Ал өзүнүн гана жүзүн көрсөтүп жатат. Кызыгы, АШАчылардын оозунан мындан башка кандайдыр бир олуттуу, салмактуу ой чыга элек. Баары негизсиз, пайдасыз, бирок өздөрүнүн бийлиги учурунда ушул эле туурда тургандарды куугунтукка алып, жасалма жол менен камап салганын эстегиси деле келбегени таң калтырат. Экинчиден, "ак же кара экенимди сот гана чечет" деп айтса абийир тапмак. Бирок Фаридди бир гана ой тытмалап, жулкуп жатпайбы, ал кандай болсо да саясий туткун деген статуска жамынып алайын деп гана жанталашып жатат.
- Бирок, ал "мага каршы козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигинин жоопкерчиликтен качуу аракети", - деди го?
- Күлкү келерлик бүтүм. Эми “1001 түн “ жомогун токуй берсе боло берет деп эле оюна келгенди оттой берсе... Бу Ниязов деген АШАнын башкы идеологунун мээси чайкалып калганбы деп да ойлоп кетет экенсиң.
- Анткениңиз менен Фарид Ниязов: “Кыргызстандын жаранын чет өлкөлүк атайын кызматтарга уурдатып жиберип, эми коомчулуктун көңүлүн башкага буруу үчүн мага кылмыш ишин козгошту”, - деп жатпайбы. УКМК болсо Фарид Ниязов өзүн саясий туткун катары көрсөткүсү келгенин айтууда. Кимисине ишенебиз?
- Бул боюнча кылмыш иши козголгонунан Фариддин кабары жок окшойт. Ооба, Инандынын уурдалып кетиши албетте, Кыргызстанга абийир алып келген жок дечи. Бирок аны ким уурдаганы так болгону менен кантип, кандай жол менен уурдап чыгып кетиши баары бир туңгуюкка капталат. Атайын кызматтардын баскан изи сырдуу, жети мөөрдүн түбүнө катылуу болгондуктан, анын ак-көгүнө эч ким жете албайт. Мисалдар толтура. Албетте, “Сапатты” жетектеди... тиги - бу жасады деп мактап жактандар бар. Бирок эмне үчүн Түркиядагы төңкөрүштөн соң Инанды жана дагы 25 түрк жарандыкты эңсеп калышкан, эмне үчүн ал түрк жарандыгынан баш тарткан эмес, не үчүн сыртка чыкканда дайыма түрк паспортун пайдаланган, Ниязов жана анын куйруктары не максатта аларга чагылгандай тездикте жарандыкты кармата салышкан деген соболдор да күн тартибинен алынбас. Террорчу экенин түрк соту аныктап, 22,5 жылга кесип ийгенден кийинки ойлордун баары суу кечпейт. Андай экен ушул Фарид ошол соттун өкүмүнүн канчалык деңгээлде негиздүү-негизсиз экенине башын тоголотсун. Бир сөз менен Фарид ар кандай жолдор менен өзүнүн керт башын сактап калуунун үстүндө иштеп, чөгүп баратып дөңгөчкө жармашып жатат.